-Турат мырза, Сабыр Муканбетовдун жазганы боюнча сөзмө-сөз үзүндү келтирели: Караларга салып бергени жатышат го?» деп шекшиген АША эшикти каккылап, улуп-уңшуп, өкүрүп-бакырганын, ал жакта да «шымын булгап» таң аткыча ыйлап чыкканын милиционерлер кийин УВДга башчы болгон Туратбек Мадылбековго айтып берип жатканын өз кулагым менен уккам» деп жазып атат. Ушундай болду беле?
– Сабыр Муканбетов эмнеге мынча жанын жеп, калпты жазганына түшүнбөй турам. Анда түнүндө биринчи УКМКга апкелген, экөөбүз ал жерден кыскача сүйлөшкөнбүз. «Бизди жаап салышты, эл эртең курултайга келет бекен?» дегендей сүйлөшкөнбүз. Андан соң Атамбаевди Бишкек ШИИБсине алпарып камаптыр. Кийин «эшикти бир-эки тепти» деген сөздөрдү уккам. Бул эми эмоция да. Менин чындыгым ушул. Ал эми Сабырдын жогорудагыдай көбүртүп-жабыртып, жалган нерсенин баарын шыпыртып жазганы Кудайга да жакпаса керек!
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ