Бүгүн, 6-октябрда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Анын арызынын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.
“Кызматтан кетүү боюнча арызымды жазып бердим. КРнын премьер-мнистрине деп эле жаздым, кимиси келсе ошонусу… Кечинде жаштар менен жолукканда да “Мен бул жакка эл үчүн иштегени келгем, мен эл мененмин, элге каршы туура эмес иштерди кылбайм” деп айткам. Бул жакка өкмөт башчысы аркылуу келип, колумдан келишинче таза иштөөгө аракет кылдым” – деди ал.
Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев бул кызматка 2020-жылдын 27-июлунда дайындалган. Ага чейин ал Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы болуп иштеген.
https://www.facebook.com/Lifeikul/videos/668212907445373
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ