Menu

Аалы Карашев, КСДП депутаты: «Өкмөттү «баарын кыйратып жиберди, ушунчалык сонун иштеп жатат» дел айталбайм»

Бөлүшүү:

– Аалы Азимович, кесиптешиңиз Курманкул Зулушев өкмөт саясый банкротко учураганын белгилеп, анын курамын жаңылоону сунуштады. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

– Депутат өз оюн айтгы. Бирок, ошол эле учурда мен айтаар элем, Конституция боюнча биздин өкмөт жыл сайын бир жолу келип, Жогорку Кеңеште отчетун берет. Биринчи майга чейин өкмөт бир жылда эмнеге жетишкени, эмнеге жетишпегени, экономикалык кандай өсүштөр болгону, элдин жашоо деңгээли канчалык көтөрүлгөндүгү тууралуу отчетун бериш керек. Менимче, ошол отчетун кабыл алганда баа бергенибиз туура болот го. Бүгүн эле тыянак чыгарып, «кетсин» дегенде кичине эртерээк. Өкмөт көп болсо эки жуманын ичинде бизге маалыматын берет. Биз таанышып чыгалы. Анан ошонун жыйынтыгы менен өзүбүздүн баабызды беребиз. Мен «өкмөт такыр эле иштебей жатат» дегенден алысмын. Колунан келишинче аракет жасап, жүгүрүп, иштеп жатышат. Ошол эле мезгилде «баарын кыйратып жиберди, ушунчалык сонун иштеп жатат» дегенден да алысмын.

– «Өкмөт кадр маселесинде өзгөчө көп жаңылыштык кетирди» деген да пикирлер бар. Бир кезде мамлекетгик кадр кызматын жетектеп, кадрлар менен түздөн-түз иштеген киши катары сиз буга кандай дейсиз?

– Мамлекеттик кадр кызматынын түздөн-түз, негизги милдети – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдын талаптарынын толук аткарылышына мониторинг жүргүзүп, аткарылышын талап кылуу. Административдик кызматты тейлеген мамлекеттик кызматкерлерди коргоо. Ал эми министрлер, агенттиктердин жетекчилери – булар саясый кызматтарды ээлегендер. Парламентгик башкаруу болгондо коалициялык көпчүлүк, коалициялык азчылык дегендер бар, ошондон улам ар кандай алмашуулар болуп жатат. Туура, туруктуулук болуш керек, бир ай, эки айда эле өкмөт мүчөлөрү алмашканы жакшы көрүнүш эмес. Андайга колдон келсе жол бербеш керек, туруктуулук болгондо гана өнүгүү болот. Бул жерде эми ар кандай: объективдүү, субъективдүү себептер болууда. Мен ойлойм, буга дагы таразага салып, сабырдуулук менен баа беришибиз керек.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: