Акыркы убакта эски достор, мурунку менен азыркы президенттер Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун мамилеси начарлап кетти деген сөз күчөп, анын арты менен ар кандай божомол-жоромолдор чыгып, экөөнү резиденциядан мушташтырганга чейин барышты. Эки шефке тең жакын’ ишенимдүү булактардан бизге жеткен маалыматтарга караганда, чын-чынына келгенде экөө эч кандай урушпай эле, айланасындагы жан-жөөкөрлөрүн сынап жаткан экен кимдин-ким экенин. Кечээ жакында эле колтукташкан эки достун мамилесинин кескин начарлап кетишине түшүнбөгөн депутаттар, чиновниктер, кенешчилер, гезиттер, сайттар, ары бери чуркап, сөз ташыгандары канча.
Айрымдар Атамбаев Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде коррупция жөнүндө сүйлөгөн сөздөрүнө таарынып жүрөт деп айтышса, башкалар “ой, Атамбаев өзү Сокеге айтыптыр, кетип жатып, мен бул жыйынды өткөрбөй эле коеюн, сен эле өткөрүп кой, эң биринчи ушул коррупциядан башта” деп кеңеш берип кетиптир” деп айтышууда! Кыскасы, билгендең билбегенибиз көп экен, булардын мамилесине киришпей эле тим коюш керек окшойт деп калдык… Жарым жылга жетпей экөө жетелешип чыкса, өзүбүз эле мыш болобуз.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ