Menu

Гуламжан Анарбаев эми кайсы кызматка барат?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик материалдар резервдер фондусун бир жарым жыл жетектеген Гуламжан Анарбаев кызматтан бошоду. Бул боюнча буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. Анарбаевдин азырынча кандай себептер менен кызматтан кеткени айтыла элек. Бул адам 1,6 жыл ичинде аталган фонддун ишин кыйла жакшыртып, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп, канча деген жылдардан бери өнбөй келаткан 10 миллиондогон сом карыздарды өндүргөнгө жетишкен. Андан тышкары, фонддун мүлктөрүн менчиктеп алган алкымы чоң адамдардын былык иштерин ачыктап, ал мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча алгылыктуу иш жасап жаткан. Айрым маалыматтарда жогорку бийлик иш билги Анарбаевди башка бир жооптуу кызматтан көргүсү келип жатканы айтылат. Балким өзү маңызын чыгарып иштеп келген укук коргоо багытында чоң кызматтардын бирине бакыйган жетекчи болуп калышы ажеп эмес. .

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: