Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катардын Борбордук банкынын Башкаруучусу шейх Абдулла бин Сауд Аль-Тани менен жолукту, – деп ТИМ маалымдады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын финансылык жана банк системалары жѳнүндѳ толук маалыматты берип, исламдык каржылоонун принциптерин атайын банк аркылуу киригизүү боюнча жүрүп жаткан иш-аракеттер тууралуу кабарлады жана ушул багытта эки тараптуу кызматташууну сунуштады. Мындан тышкары ал эки ѳлкѳнүн ортосундагы инвестициялык жана соода-сатык мамилелерин тереңдетүү максатында биргелешкен каржы-кредиттик институттарын уюштуруу жана катарлык банктардын ѳкүлчүлүктѳрүн Бишкекете ачууну сунуш кылды. Катардын Борбордук банкынын Башкаруучусу шейх Абдулла бин Сауд Аль-Тани айтылган сунуштарды колдоп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюга кызыктаардыгын жана катарлык банктардын ѳкүлдѳрүн Кыргызстанга жиберүүгѳ кол кабыш кылууга даяр экендигин баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ