Menu

Алмаз Атамбаев: “Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ туура айтты, биз аны бардык жактан колдошубуз керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде экс-президент Алмаз Атамбаев  «Мекен шейиттери», «Айкөл-Ала-Тоо», «Эр Теги», «Апрель байрагы», «Айкөл  Таза коом», «Элдик сакчы», «Апрель баатырлары», «Орток шамы», «Мекен үчүн», «Элдик кайрат», «Патриот» жана «Каркыра» коомдук бирикмелери менен жолугуп, “7-апрель шейиттери” деген мечит салып жатканын жана Апрель баатырларын материалдык жактан колдоо үчүн атайын фонд түзүп жатканын айтып берди. Бул тууралу КСДПнын басма сөз кызматы билдирет.

“Апрель окуялары учурунда жаш жигиттер өз өмүрлөрүн өлкөдө үй бүлөлүк-кландык башкаруу болбосу, мамлекет өсүп-өнүгүүсү үчүн беришти. Кыргызстан эки революцияны башынан өткөрдү, эми андай кандуу окуялар жана үй бүлөлүк-кландык башкаруу кайталанбашы керек. Кечээ бул тууралу Президент Сооронбай Жээнбеков абдан туура айтты. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбековго бардык жагынан жардам беришибиз зарыл”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: