Menu

Азамат Кыязов, журналист: “Сооронбай ага!”

Бөлүшүү:

Окуйттурсуз… Алыскы сапардын ара-чолосунда. Акыркы төрт күн ичинде Сизге эреркеп, Сизди сүрөп, жонундагы оор жүктөн арылгандай “дуу” эте түшкөн көпчүлүктүн демин байкадыңыз да. Элдин ушул эмоциясынан, кубанычынан эле “кеменин курсун” аныктасаңыз болот. Билесиз, сабыр тутунуп, үмүткө байланып жашаган чыдамкай элбиз. Күтүүбүз чексиз. Күткөнүбүз эле – акыйкаттуулук, мыйзамдуулук, бандиттик башкаруунун аягына чыгышы.

Мен эми кеңешчиңиз болбогондон кийин, акыл үйрөтүүдөн алысмын. Тек, кыргызга кайдыгер эмес кыргыз катары, көмөкөйумдө турган ээн-жайкын сөздү айткым бар. Сиздин аракетиңизге абай салып, мындай ойго жетеленүүдөмүн: Балким, эл-журттун үнү Кудайга жеткендир… депчи. Анткени оозуңуздан элдин мудөөсүнө айкалышкан сөз куюлуп, калемиңизден журттун тилегине жараша кол коюлуп атат. Анчалык ынабаганымды жашырбайм. Себеби, “КСДП”, “дос”, “2040-жылга карата өнүгүү стратегиясы” дегендерге маанилеш “Кыргыз көчү жолун улайт!” саясий урааныңыз менен “Коррупцияга каршы күрөш!” чакырыгыңыз бири-бирине саал жугушпай турганы. Анустүнө “досуңуздун” жыйырманчы жылды жыттабай жатып, кыркынчы жылга чалма ыргытканын көрүп: Володя менен Диманын “опутуна” салып, алмак-салмак өлкөнүн өпкөсүн үзө чаап журуп отурушабы дедим эле, оропара окуя башкача өңүттө өөрчүй баштады.

Ошондой эле болсун. Сиз бийлик нугун өзгөртүңүз. Элди алдап, тоноп башкаруу – өткөн жыл менен кетсин! Мына, тышкы карызы нөлгө барабар өзбек бийлиги “кыркынчы  жыл” деп кыйкырбай эле, кырк күндө кыштагын шаарга айлантты. Шавкат Мирзиеевдин кылган-неткенин карап, – Өзбекстан эмес, Орто Азияга падыша болчу зээри бар экен, – деп шыпшынып отурабыз. Сиз деле дараметиңизди далилдечү кырда турасыз. Дилиңизде элдик ажо болууну эңсөө күч экенин сездирүүдөсүз. Эл жүрөгүнөн орун алуу, “экстердин” көзұнөн учкан тейден кеткен “Журт атасы” атыгуу – албетте, ооматтын ооматы. Эркиңизди бекемдеп, ниетиңизди курчутсаңыз эле ал даражага жетесиз. Маселен, Сиз коррупция менен күрөшпөңүз, Сиз коррупцияны талкалаңыз! Коррупция менен колунда бийлиги жоктор күрөшөт. Бөркүңүздөй көрүңүз, кай тармакта, кандай өлчөмдөгү коррупция болбосун, КСДПны кыйгап, “досуңузду” айланып өтпөйт. “Ушулардын аркасы менен ажо болуп алып, кайра кантип буларга иш козгойм?”, – деген “ыйман кемирген” ойго буйдалбаңыз. Хан тактысы -тагдырдан, Кудайдан. Ханда дос болбойт.

“Дос” демекчи, акыр замандын тушунугундо дос – “бизнес-өнөктош”. Азыркы достор: “Досум өлүп калды”, – деп табак башында тишин чукуп отура берет, апталап бок түшүп аза күтпөйт…

Кыскартайын, ага, “коррупционер” деген сөз -“ууру” деген эле сөз да туурабы? Ууру кармалганда уурдаганын кайра бериши керек. Уурдап бир сыздатып, бербей эки сыздатпайчы. Ушул жерден мындай сунуш киргизгим келет: Улуттук банктан “Тышкы карыздан кутулуу” эсебин (счет) ачпайсызбы да, ошол эсепке уурулардан өндүрүлгөн сумманы чогултпайсызбы. Ал эсеп онлайн аркылуу элге көрүнүп турсун. Мисалы, А.Шыкмаматовдун 5 миллион сомунун 3 миллиону түштү деп. Этекки 20 жыл ичинде ким чиновник болгон болсо, ким мамлекеттик мекемени жетектеген болсо, баарын текши чоң-кичине дебей жакшылап кайра бир “кызыл электен” өткөрсөңүз – карыздан кутула жаздайбыз. Бул кадамды жасасаңыз карапайым эл сизге кепилдиктүү армия болуп берет.

Ал армия – ак жеринен чанжырак сурактарга чайналып ден соолугунан ажырап абакта жаткандардан, Орусиянын кар-музунан маяна издеп талаалагандардан жана маанисиз бийликтин курмандыгына чалынып, таланты, билими, жумушу, турмушу, жандүйнөсү майдаланып күкүмгө айланган миңдеген тагдырлардан куралат…

Булак: Ачык Саясат

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: