УКМК суракка алгандан тар-тып, жүрөгү түшүп, ооруканага кире качкан Аскар Шадиевдин былыктары түгөнбөйт го, чир-киндики. Шадиевди жакындан билгендер ал тууралуу укмуш коррупциялык иштерин ай-
тып жүрүшөт. Бизнеси өтө чоң, миллионер эмес, миллиардер. Бирок ошол байлык тазабы? Кеп ошондо эмеспи? Бул адам кызмат абалынан пайдала-нып, бизнесин барган сайын укмуштай кеңейтип жатканын
айтышууда. Маселен, Бишкек-теги спорттук “Карвен” клубду элибиз жакшы билет. Ал адам-дын ээси Генрих Балян деген адам. Бул адам Кыргызстанда-гы чоң бай жана чоң бизнес-мендердин бири. Ысык-Колдо
да пансионаттары бар. Айрым маалыматтарда “Карвен” клуб-да Шадиевдин да үлүшү бар экени айтылып келет. Балян мырзанын бийликтеги ишен-ген адамы, бизнестеги онок-төшү Аскар Шадиев экени коп-чүлүккө маалым экен. Мына ошол Балян мырза, Шадиевге таянганбы, айтор мына ошол Токтогул-Гоголь көчөлөрү-нүн кесилишинде жайгашкан“ “Карвен” клубдун аянтын чо-ңойтуп, Токтогул көчөсүн жаап туруп, ал көчөнүн ордун унаа токтотуучу жай кылып алган. Жергиликтүү эл нааразылык билдирип, тңэщелүү жерлерге, “Карвендин” ээсине да кайры-лышкан. Балян мырза кайрыл-гандарга: “Бул жерде мыйзам бузуу болуп жатса, дароо алып, жолду ачып салам”-деп айткан. Бирок антип айтканы менен убадасын аткарган эмес. Учур-да да жол ачылбай эле Токтогул көчөсү Гоголь көчөсүнөн нары коздой жабылып турат. Бишкек шаарынын архитектурасы: “Жол ачылат, мыйзамсыз са-лынган имарат түртүлөт” де-гени менен, ал маселе созулуп келатат. Эгер катуу киришсе соттошсо да, эчак түрттүрүп
салмак. Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык, жол-го салынып калган “Карвенге” кошумча жайлар, имараттар түрттүрүлүп, Токтогул көчөсү ылайыкташтырылып, Торокул Айтматов көчөсүнө чейин ула-нышы керек. Бирок бул маселе дагы созулууда…
Негизи эле, башында “Кар-вендин”кошумча жери ошол спорттук клубдун жанында жайгашкан №65-мектептин жери болгон. Ортодо келишим түзүп, “Карвен” мектепке да пайдасын тийгизет, окуучулар-ды спорт менен машыктырат деген кооз создор айтылганы менен, билгендер иш жүзүн-до андай болбой калгандыгын айтып келишет. Акыры ал жерди “Карвен” менчиктеп алды, ошентип мектеп спорттук аянтчасы жок кур жалак калган. Мына ушундай өзүм би-лемдик, мыйзамсыз иштерди “кыргыздарга, Кыргызстанга боло берет”- деген Балянга ок-шогон бизнесмендерге сурак жокпу? Деги Кыргызстанда мыйзам иштейби? Шадиев бул маселе боюнча эмне айтат? Же адатынча актанып, чындыкты бурмалоого далбастайбы?
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ