Menu

Тажик парламенти тажик-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкелер тууралуу келишимди ратификациялады

Бөлүшүү:

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн чек арадагы айрым тилкелер тууралуу келишимди ратификациялады. Келишимге Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Душанбеге сапары маалында кол коюлган.

Тажикстан ТИМ башчысынын орун басары Низомиддин Зохидинин парламент жыйынында билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө тажик-өзбек чек арасында тактала эле бир тилке калды. Ал боюнча тараптар өзүнчө макулдашуу даярдаган.

Келишимдин жактырылышы менен эки өлкө ортосундагы 192 чакырым талаштуу тилкени демаркациялоо жараяны аяктайт.

Парламенттеги укук тартиби, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Журахон Мажидзоданын билдиришинче, бир чакырымга созулган тактала элек тилке Тажикстандын Согди облусу менен Өзбекстандын Сырдарья облусу чектешкен жердеги Фархад ГЭСинин плотинасынын жанында жайгашкан. Анын айтымында, өзбек тарап бул тилке ГЭСтин жумушчулары үчүн коридор катары калышы керектигин айтууда.

Буга чейин өкмөттөр аралык комиссиянын Душанбеде өткөн жыйынында чек аранын эң талаштуу аймактары, анын ичинде Фархад ГЭСинин айланасы боюнча болжолдуу келишим макулдашылган. Анда ГЭС жайгашкан жер Тажикстандын аймагы, ал эми гидроэлектр станциясынын өзү Өзбекстандын менчиги болот деген чечим кабыл алынган. Ага ылайык, объектини тажик тарап кайтарса, өзбек тарап аны техникалык жактан тейлөөнү өзүнө алмак.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: