Жаза аткаруу кызматы “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев башка камерага которулбай турганын маалым кылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов эки күндөн бери Өмүрбек Текебаевге кысым жасалып жатканын, аны башка камерага которуп, башкаларды үстүнө кошууга аракет жасалып жатканы боюнча айткандарын төгүнгө чыгарды. Айрымдар бул жагдайды Өмүрбек Текебаевдин колуна суу куюп жүргөндөр өлкөдөгү чыңалган саясий кырдаалдан пайдаланып кожоюнун абактан чыгаруу үчүн түркүн амалдарды колдонуп жатышканын кеп кылышууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ