Menu

Өлкөнүнү алдыдагы экономикалык абалына өкмөт эмес, эми Сооронбай Жээнбеков керт башы менен өзү жооп бере турган болду

Бөлүшүү:

Кыргызстандын ички жана тышкы экономикалык абалы-на эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков керт башы менен жооп берүүгө тийиш! Анткени, “чөнтөк парламент” аркылуу Сапар Исаков баштаган өкмөт курамын отставкага кетирди. Мунун менен ал өлкөдөгү бардык жүктү өзүнө жүктөдү.

Биринчиден, өкмөттүн тез-тез алмашуусу экономикага өз кедергисин тийгизет. Себеби, ишке киришкен жаңы жетек-чилер мурдагы өкмөттүн жасап жаткан иштери менен таанышууга жана алдыдагы багыттарды аныктоого эле кеминде уч ай убакыт сарпталат. Ал эми ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга ондогон айлар керек. Жаңы келген өкмөткө Парламенттеги азчылык коалициядагы “Ата-Мекен” фракциясы жарым жыл убакыт гана берээрин, эгер өзүн көрсөтө албаса айгайлап чыгаарын алдын ала билдирди. Кызык жарым жылда эмне иш бүтүрүүгө болот? Алсак, эгемендик алган 27 жыл аралыгында 30-өкмөт алмашып отурат. Башкача айтканда, бул кызматты айрымдары бир күн аркаласа, көпчүлүгү 1 жылдын тегерегинде гана иштешкен.

Ушундай туруксуздуктун айынан өлкө экономикасы өргө карай жылбай, жылса да секирик жок, таш бака жүрүш менен келатат. Кезинде өкмөт башчы болгон учурдагы президент муну беш ко-лундай билет. Бирок, досу Алмазбек Атамбаевдин жана үзөңгүлөшү Сапар Исаковдун электоратынын аркасында бийликке жеткени чын-
дык! Бирок алардан тазаланып, өз командасын түздү. Алсак, мекен үчүн ак ниет менен кызмат кы-лып жаткан жалындуу жаш кадрларды иштен айдап, айланасына жалаң Бакиевдердин “желдеттери” менен өзүнүн дос-туугандарын алып келүүдө. Жаңы келген өкмөт курамына мурда ишин жөндөй албай министрлик, жетекчилик кызматтардан алынган кадрларды киргизди. Булар “Таза коом” долбоорун жана анын алкагындагы “Акылдуу шаар” программасын ишке киргизип, чоң секирик жасоого алгачкы арыштарын кенен таштаган жаш Өкмөттүн ишин улап кете албасы айдан ачык. Алдыдагы жылдарда экономикабыз бир орундан жылбай, керек болсо артка кадам шилтерин бул жаатагы адистер азыртадан эле билдиришүүдө. Бирок буга карабай, шайлоо маалындагы убадасынан тайып, өз көчүн улаган Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн алдыдагы экономикалык абалына Өкмөттү күнөөлөбөй, “колуң менен кылганды мойнуң менен тарт” дегендей керт башы менен өзү жооп берүүгө тийиш!

Бакыт Карачалов

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: