Menu

Эркиндиктин баасы өтө кымбат

Бөлүшүү:

Ошентип мунапыс берчү күн деле аяктап калды. Бирок, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин канатсыз “карлыгачы” көкөлөп учалган жок. Негизи башы менен тамды сүзгүлөсө деле учмак эмес анысы. үмүт чиркин ар кандай кыялдарды жаратат турбайбы? Кээде татаалдашкан процесстерди деле заматта ийге келтире ала тургансып көкөлөп алышат айрымдар. Тилекке каршы омоктуу маселени чече турган “дөөлөрдү” копшолто албай убара болушканы неге байланган? Албетте, саясаттын күңгөй менен тескейине чырмалышкан жагдайды да эске алуу зарылдыгы бар эмеспи?

Анын сыңарындай жалгыз камерада отурган Өмүрбек Текебаевдин маселеси оңой чечилбейт. Кыл сууругандай эле сыртка чыгарып таштагыдай ал жерде жаткан таш эмес. Ичинде далай “иттер” өлүп жатат. Ошондуктан темир тордун артында эл кабарсыз болгон “оор сырлар” жатат. Демек, эркиндиктин баасы өтө кымбат. Жалгыз акыйкатчынын буга шаасы жетпейт. Антсе да Кукеңин аракетине өмүке агынан жарылганын билдирди. Ал тургай акталып чыгам деген дымагын жактоочусу шардана кылды. Эмнеси болсо да кармашуулардын күүсү азырынча жанбайт, дагы далайга чейин уланат.

Булак: Ачык Сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: