Menu

Токтосун Мадияров, коомдук ишмер: “Уурулукка бөгөт коюучу рыноктун каражаттары бар”

Бөлүшүү:

— Токтосун мырза,парламентте башкы прокурордун талапкерлиги каралып жатканда укук коргоо органдарынын бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүсү тууралуу өтө көп сөздөр айтылды. Ишкер катары бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

— Экономика – бул өзү соодагерчилик. Бүт дүйнөнү багып жаткан да соода.  Биз кыргыз эли да 1990-жылдарга караганда соода кылганды кыйла үйрөнүп калдык. Бирок, соода кылганга үйрөнгөнүбүз менен соода кылганга жолтоо кылгандар аябай көп болууда. Мунун баары мыйзамдын туура иштебегенинен, мыйзамдар жылдан жылга эле өзгөрүүгө дуушар болгонунан. Бир депутат айта койсо эле мыйзамды шаша-буша өзгөртүп киришет. Депутаттар мыйзамдардын баарын, биринчи кезекте экономиканын тагдырын чече турган мыйзамдарды ревизия кылып чыгуулары керек. Көп кишилер “эмне үчүн өнөр жайы иштебейт?” деп айтканды жакшы көрүшөт. Бирок, алар бир нерсени эске алышпайт. Ар бир тармактагы соода өссө, ошонун негизинде өндүрүш иштейт. Чыгарылган товар экспортко кетип, дүйнөлүк рынокто жакшы өтө баштаса, ошондо өндүрүш иштеши керек. Болбосо продукцияны чыгарып алып, кампада үйүлүп жатканынан эмне пайда? Бул экономиканын мыйзамдарын билбегендиктен болуп жатат. Мен муну мурда да айттым эле, дагы бир жолу кайталагым келет. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында  бизнес чөйрөсүн колдогон жакшы мыйзамдар кабыл алынып, орто жана чакан бизнес абдан тез өсө баштаган. Биринчи комоктор бизде Алматы шаарына караганда да мурдараак пайда болгон. Ишкерлер алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн ар кандай товарларды ташып келип, рынокту толтурушкан. Ошол рынок жакшы иштегенинен “Дордой” сыяктуу базарлар өсүп чыкты. Анын ичинде эле “Алканов”, “Оберон”, “Жунхай” сыяктуу жети базар бар. Алардын баары тең бүгүнкү күндө Орто Азиядагы сооданын борбору, локомотиви болуп жатат.

Ал эми укук коргоо органдары менен  бизнестин ортосундагы мамилеге келсек,  азыр соодагерлерден үмүт эткен заман болуп калды. Эптеп эле кынтык таап, бирдеке өндүрүш керек. ИИМ, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, прокуратура… Биринен сала бери текшерип, байкуш бизнесмендин фирмасын банкрот кылып, жоюп, жок кылганга чейин алып барып атышат да.  Бул туура эмес. Бирок, бул көйгөйдү кимдир бирөөнү иштен алып, же ишкерлерди бул же тигил орган гана текшере алат деген тизме түзүү менен эле чечүү мүмкүн эмес. Мурда текшерүүчүлөр көп болчу, азыр андан да көп. Мыйзамга ылайык өлкөгө алып келинген товарларды бажы кызматы текшерет. Эгер мамлекет аларга ишенбесе, анда бажы кызматынын эмне кереги бар? Андан тышкары, республика боюнча салыктардын төлөнүшүн көзөмөлдөп, отчеттордун тууралыгын  тартипке келтире турган салык кызматы бар. Эгер ишенбей турган болсо, анда барып салык кызматын текшерсин, бажы кызматын текшерсин.

— Жогорку Кеңештеги  ошол талкууда биздеги көмүскө экономиканын көлөмү 40 пайыздын тегерегинде деп айтылды. Бирок, факт жүзүндө андан да  көбүрөөк болсо керек?

— Андан эки эсе көп болушу мүмкүн. Айланууда канча миллиард сом болсо, менин оюмча, ошончо эле миллиард сом көмүскө экономика бар. Аны эсептеп, так отчетун берген эч ким жок да. Биз эл арасында, элдин турмушун көрүп-билип жүргөн адамбыз да. Ишкерлердин көбү акчасын көмүскө жүгүртүп, көмүскө соода кылып жатышат.  Аны күч менен жоюу мүмкүн эмес, эч ким аларды “каткан акчаңды алып чык” деп мужбурлай албайт. Суудагы балыкты кайырмакка илинтиш үчүн канчалык искусство керек. Өкмөт да  сөздүн жакшы маанисинде ошондой “балыкчы” болушу зарыл. Кандайдыр бир каражаттарын ойлоп таап, ал акчалардын кайрадан бизнеске салынышына шарт түзүшү керек.  Ошондо ар бир адам өзүнүн акчасын ишке салып, андан салык төлөнүп, көмүскө экономика жоюла баштайт. Каражаттарды туура колдонуп, салыктарды туура алганга жетишмейинче абал оңолбойт. Салык көбөйгөн сайын ишкерлер андан качыш үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табат. Дүйнөдө эмне үчүн оффшордук, эркин экономикалык зоналар пайда болгон? Мыйзам боюнча салык төлөгөн ишкер же жеке компания эч качан пайда таппайт. Ошон үчүн салыктан жашынып, жанагындай зоналар пайда болгон. Кечээ эле мен интернеттен окудум, Лондондо оффшордук зонада россиялыктардын 47 млрд. доллар акчасы бар экен. Биздин ишкерлер деле ошол системага барат да акырындап.

Бүгүнкү күндө ИДПнын 68-70 пайызын түзгөн – бул орто жана чакан бизнес. Андан кийин эмгек мигранттарыбыз. Мурда алардан 1 миллиард  доллардай келсе, азыр 2 миллиард долларга чукулдап баратат. Бирок, аларга шарт түзгөн мыйзамдарыбыз жок. Бизде 25-30дай банк бар, ошолордун бирөөсүнүн мигранттардын үй сатып алуусуна ипотекалык кредит берүү боюнча түзүк программасы жок. Биз аларга шарт түзсөк, алардын баюусуна мүмкүнчүлүк  түзүлөт эле да.

— Коррупция деген балекетти жоюунун жолдору барбы?

— Бүткүл дүйнөдө уурулукка бөгөт коюучу рыноктун каражаттары бар. Бизде ошол каражаттар толук иштебей жатат. Мисалы, биз фондулук биржаны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгышыбыз керек. Өзүңөр көрүп жатасыңар, бизге сырттан келген акчалар – бул алдын ала коррупция деген сөз. ТЭЦти реконструкциялоого бөлүнгөн 386 млн. доллардын үстүнөн канча ызы-чуу болуп, канча киши камалды, эл аралык деңгээлде жаманатты болуп калдык. “Датка-Кеминден” да кеминде 160-200 млн. доллар “желген” деген сөздөр бар. Мунун баардыгы эмнеден улам пайда болууда? Биз акчаны экономикага туура эмес алып келгенибизден. Мамлекет “Кыргызалтын”, “Электрстанциялары” сыяктуу өзүнө таандык компанияларды  эл аралык биржаларга: Лондондогу, Нью-Йорктогу, Гонконгдогу, Токионун, Торонтонун биржасына алып чыкса болот. Ошондо коррупция да, жеп-ичмей да  аз болмок. Компания алынган акчага өзү жоопкер болуп, карыздан кутулганга кызыкдар болот. Чакан жана орто компанияларды  кыргыздын фондулук биржасына коюу керек. Мен угуп калдым, ага мамлекет учредитель болгону жатыптыр. Бул 15-20 жыл мурда баштала турган иш эле. Бүгүнкү күндө фондулук биржа эмне кылат? Жөн эле көрүнгөн банктардын, компаниялардын, акционердик коомдордун акциялары сатылып, кайра каттаган гана кызматы үчүн акы алып отурушат. Акча ошолор тарабынан алынып келинсе, экономикага түз акча кирип, түз пайдасын берет  дагы, эртеңки күнү биздин саясатчылардын ортосунда “мамлекетке бөлүнгөн акчаны жеп алды” деген сөз азырак болот эле.

— Депутат Акылбек Жапаров “биз мурда Кытайдын кредитин алчу эмеспиз, себеби, алар  аз мөөнөткө, анан жогорку пайыз менен берет. Биз кеминде кырк жылдык мөөнөт менен берилчү кредиттерди гана алышыбыз керек” дегендей  айтты. Сиздин бул боюнча, дегеле карыздар тууралуу оюңуз кандай?

— Биз карыздарды эки бөлүп карашыбыз керек. Биринчиси, мамлекеттик карыз. Мамлекеттик карыз мамлекеттик деңгээлде алынып, кайра мамлекеттик деңгээлде берилет. Биз эле эмес,  дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттер дагы карыздын эсебинен жашайт. Андыктан, аны өтө эле “мокочо” кылып, элдин жүрөгүн түшүрүп айткан туура эмес. Карыздын үстүнөн системалык түрдө иш алып баруу керек. Экинчиси, биздин дыйкандар, ишкерлер, жалпы жонунан элибиздин сексен пайызы  ар кандай банктардан, менчик уюмдардан карыз алышып, ошонун эсебинен бутка турушуп эле оокат кылып атышпайбы. Акылбек Үсөнбекович  эки жолу каржы министри болгон жигит. Элди коркутуп айтып атканы… Эми кайра саясатка толугу менен аралашыш үчүн адис катары айтып атса керек да.

Бүгүнкү күндө Кытайга 1,7 миллиард доллардай  карыз болуп атабыз. Электр энергиясы келечекте кирешелүү тармак, карыз ошондой эсеп менен алынды да. Жол тармагы да кирешелүү: анүстүнө жүргөн автоунаа, аларга кеткен күйүүчү-майлоочу майлар, түшкөн акциз, пошлиналардын эсебинен жабылат деген эсеп менен алынды. Эгер биз Бүткүл дүйнөлүк банктан, же Азия өнүктүрүү банкынан алып, социалдык долбоорлорго жумшасак, анда албетте, 40-50 жылга алмакпыз. Бирок, ар бир карыздын үстүнөн иш алып баруу керек. Бүгүнкү күндө Кытай менен тыгыз иштеп, керек болсо алар бизге карыз болуп кала турган мүмкүнчүлүктөр бар. 2012-жылы Кытайда Улуу Жибек жолу программасы  түзүлгөн. Синьцзян уйгур автономдуу району алты өлкө менен чектешет экен. Эгер биз Кытайдын товарларын жибергенге коридор түзө алсак, көп киреше тапсак болот. Бирок, алардын баарын жасаган эч ким жок. Биз бири-бирибиз менен талашып, кармашып, бири-бирибизди каматып, эртеси эле жүз көрүшө турган кыргыздын татынакай жигиттери бүгүнкү күндө абдан жаман акыбалга келип калышты. Убакыт деген бат эле өтүп кетет, ошол жигиттерибиз  эртең алтымышка, жетимишке чыккандан кийин армандуу дүйнө болуп кала беришет да…

— Сиз “мигранттарды коргоо боюнча мыйзамдар жок” деп өтө талуу маселени көтөрдүңүз. Сиздин оюңузча, биринчи кезекте кандай мыйзамдар керек?

— Президентибиздин Түркияга жасаган иш сапары учурунда жакшы маселе көтөрүлбөдүбү. Түркиянын социалдык коргоо министрлиги менен биздин министирликтин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, ал жакта иштеп жатышкан мигранттардын эмгек жылдары пенсияга эсептелери айтылды. Ушундай келишимдер ар бир мамлекет менен түзүлүшү керек. Биринчи кезекте Россия жана Казакстан менен. Биз иш таап бере албаган үчүн алар мигрант болуп кетип жатышат да. Алар которгон акчалардын эсебинен биздин экономикабыз өсүүдө, жаңы имараттар салынып, айыл жергеси өзгөрүүдө. Биз алар Кыргызстанга инвестиция салып, ипотекалык үйлөрдү ала турган жакшы мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Эгер жакшы мыйзам болсо, алар тияка салып жаткан акчаны өзүбүзгө салат да.

 Керим Мурас

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: