Menu

Коррупциянын “найзасы” Шадиевге такалыптыр

Бөлүшүү:

Мурда Аскар Шадиевдин мынчалык байлыгы бар экенин билбептирбиз. Ал ушунчалык элпек, тил тапкыч, чечкиндүү көрүнчү. Кайсыл бийлик болсо да терең катмарга кирип алып, майлуу кызматтарды ээлеп алчу.  Акыркы жолу эки атка отургусу келгени негедир Теңирге да жакпай калды көрүнөт. Шудуңдаган жигитти оодарып түштү, оодарганда да катуу мүшкүлгө салып койду. Ачкөздүктүн “кудурети” минтип аңтарып жиберет турбайбы.

Кылтакка илинген мырзанын “оокатын” күч түзүмдөрү  аңтар-теңтер кылышкан экен көп олжолор иргелип чыгыптыр калкып. Ар кайсы банктардагы үлүштөрү эле бир райондун элин эки жыл колун жоорутпай бакса болору байкалды. Деги мынча байлыкты эмнеге жыйнады экен? Бир үй-бүлөгө анчалык деле мүлктүн кереги жок эмеспи. Бул албетте алсам, жесем, дагы болсо деген жаман сапаттардын жыйындысы десек болот. Аялына эле жаздырылган канча деген үлүштөрү жүрөт чубалжып. Кайсы банкта эмнеси бардыгын, канча тамы, канча жери, канча унаасы катталганын саноонун деле кажети жок.

Аскардын байлыгы эсепсиз экен,чиркин! Эмне үчүн шыбышы жок жоголуп кетти десе жегендери желкесине чыгып,окшутуп жаткан турбайбы? Байлык,бийлик дегениң ушинтип жүрөк оорулуу кылып коет экен. Мындай тагдырды душманыңа да ыраа көрбөй кетериң турган иш. Айтор, коррупциянын “найзасы” Шадиевдин кекиртегине такалды. Эми натыйжасы кандай болот деп жообун күткөндөр шынарлап  турган кези. Негизи “Бир Бол” фракциясындагы депутаттардын көбү артында калбыры бардыгы чындык. Кичине чукугучту киргизсе эле “апалап” чыгарында шек жок. Учурда алар кыпылдап жатышкандыр, эми кимибиздин былыгыбызды чыгарар экен деп. Эмнеси болсо да алгачкы “карлыгачтар” кайкып асманга учуп чыкты. Ал эми “ап” этип элдин байлыгын жеп алгандардын көздөрү чанагынан чыгарына аз эле  калды окшойт…

Булак: Ачык Сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: