Диний жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү айыптары менен эл аралык издөөдө жүргөн анжияндык Мамура Рахматова үй-бүлөсү менен мекенине кайтып келүүнү чечти.
Мындай чечимди президент Шавкат Мирзиёевдин саясатына таасирленип кабыл алганын айткан Рахматова Өзбекстанга күйөөсү, кызы, уулу, келини жана эки небересин ала келе турганын кошумчалады.
Мамура Рахматова 2000-жылы башка жергиликтүү тургундар менен бирге «ваххабизм» айыбы менен кармалып, эки айдан кийин бошотулган. Андан соң укук коргоо органдарынын тынымсыз көзөмөлүнөн тажап, коңшу Кыргызстанга чыгып кеткен. 2005-жылы үй-бүлөсүнүн өтүнүчү менен мекенине кайтып барганда мыйзамсыз чек арадан өткөндүгү үчүн камалган. «Анжиян окуялары» башталганда милиция кызматкерлери бир канча адамды, анын ичинде Рахматованы дагы тергөө абагынан чыгарып жиберишкен. Ал балдары менен коңшу Кыргызстанга качып, ал жактан Орусияга кетишкен.
Биринчи күйөөсү менен Өзбекстанда жүргөндө эле ажырашкан Рахматова Москвада башка өзбек жаранына турмушка чыккан. Акыркы үч жылдан бери үй-бүлөсү менен бирге Түркиянын алыскы айылдарынын биринде жашап келет. Учурда Рахматованын жанында тек-жайын ырастай турган эч кандай документи жок.
Анжиян облусундагы Асакинск РИИБиси Мамура Рахманова чынында эле издөөдөгү адамдардын тизмесинде экенин жана өлкөгө келсе ага карата тергөө баштала турганын билдирди. Мекемеден эгер анын күнөөсү далилденбесе кое бериле турганын кошумчалашты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ