Президенттин ант берүү аземинде баягы гүлү бир жерге додо болбогон Дүйшөнбек Зилалиев көчөдө турган кызга бомба бар экенин айтып, обу жок жүрүш жасап жибербеди беле? Анысы дароо коомчулуктун бүйүрүн кызытып, бул эргулга иш козголгону бар. Эми анысын тиешелүү органдар иликтеп алаар. Болгону ошол убакта Зилалиев ант берүү жө-рөлгөсүнөн соң күч органдарынын бирине кызматка барары каңкууланып жатканы, маселеден кабары бар андагы укук коргоо органдарынын башчылары кызматтарынан айрылып калбоону көздөп, Зилалиевди дароо обу жок кадамдары менен кылтакка илип коюшканы тар чөйрөдө айтылууда. Кызьпы, мындай интригаларды Зилалиев да жокко чыгарбай, сурагандарга өкүнүү менен жооп кайтарып жатканы күбүр-шыбыр кеп болуп кетти. Токтолуп калчу курагында көчөдөгү кызды көргөндо өзүн кармай албай, оозун тыйганда жаңы бийлик тушунда да ооматы артмак тура. Кайран кысталак ай!
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ