Menu

Экс-президенттин эӊ жакын адамы И.Илмиянов ажылык сапардан келсе камакка алынат

Бөлүшүү:
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шопуру болуп жүрүп, кийин мамлекеттик кызматка секирген Икрам Илмияновдун артынан ар кандай кептер айтылып жатат. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган маалыматтарда, ал көмүскө ээлик кылган ишканалар убагында Икрам Илмияновдун жардамы менен мыйзам бузуулар аркылуу өз кызыкчылыктарына жетишкен. Учурда, иликтөө иштери аягына чыгып, Икрам Илмияновдун мойнуна сыйыртмак салуу гана калыптыр.

Ал, өз дарегине болуп жаткан иликтөөлөрдөн чочулап, ажылык сапарды шылтоо кылып өлкөдөн чыгып кетти. Аны, бири качып кетти, эми кайтып келбейт десе, дагы бири кайтып келе турганын бышыктап жатат.
Маалыматтарга караганда Икрам Илмияновго кылмыш иши даярдалып, анын келишин күтүп жатышканы тууралуу кеп бар.
Өткөн жылы Икрам Илмияновдун ыргыткан ташы жогору кулап турган мезгилде, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровдор чет өлкөдөн кайтып келери менен камакка алып, түрмөгө камашкан. Турмуштун кызыгын кара, эми так Икрам Илмияновдун өзүн ошондой тагдыр күтүп жатат.
Ажылык сапарга барып, кылган күнөөлөрү үчүн Кудайдан кечирим сурап тазалангысы келген Илмияновду, Кыргызстанда мыйзам алдында “тазалануу” кезеги күтүп жатат.

Ошол күнү, ажылык сапардан кайткандарды аэропорттон туугандары, жакындары тосуп чыгып, ажылык зыяратын куттуктап күтүшсө, Икрам “ажыны” укук коргоо органдары колу-бутун бурап, мойнуна чынжыр салып тосуп алмай болуп жатат.  Айтор, Икрам Илмиянов кайтып келери менен аны абак тосуп алат. Кызыктын баары жакында болгону калды, келишин күтөлү…
Булак: Учур

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: