Menu

Жогорку окуу жайына окууга каражаты жок абитуриенттерге насыя берүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку окуу жайына окууга каражаты жок абитуриенттерге насыя берүү сунушталууда. Мындай демилге Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде биринчи окууда каралууда. Демилгечи депутаттардын бири Аалы Карашевдин айтымында, мектепти бүтүргөн жаштардын көпчүлүгү каражатынын жоктугунан жогорку билимге ээ болбой калып жатат.

“Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан депутаттар анализдеп чыктык. Жылына 60 миңден ашуун окуучу орто мектепти, 30 миңдей окуучу толук эмес жогорку окуу жайды аяктайт экен. Алардын алдында жогорку билимге ээ болуу маселеси турат. Тилекке каршы, 5 миңдин тегерегиндеги эле окуучу бюджеттик негизде окуса, калганы акча төлөп окуйт. Көпчүлүгү акча таап келип, анан окуйм деп чет өлкөгө чыгып кеткен бойдон окубай калып жатат. Себеби үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жардам берип калып жатышат.

Ошондуктан биз жеңилдетилген түрдө насыя берүүнү сунуштап жатабыз. Насыянын үстөк пайызы 5 пайызга чейин болушу керек. Эгерде андан жогору боло турган болсо, калганын мамлекет төлөп берүүсү зарыл. Ал эми студент жыл сайын насыяны алып, төлөөнү окуу жайды аяктагандан кийин төлөп баштайт. Ата-эненин акчасына окуган бала окубайт, насыя алып окуса жакшы окуйт. Себеби өзү төлөйт”, – деди Карашев.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, мыйзам долбоору 2019-жылдан баштап иштеп баштап, 500 абитуриентке насыя берилсе, бюджеттен 2 миллион -275 миң сом талап кылынат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: