Menu

Фото – Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды

Бөлүшүү:

“Учур” аттуу гезиттин сайты бүгүн Фейсбуктагы баракчасында айтылуу “шоопур” Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган Бурул жана Тахмина аттуу кыздарынын ачык булактардан алынган сүрөттөрүн жарыялады:

“Айдоочулук күбөлүк” деген “билиминен” бөлөк таянары жок Илмиянов 2 кызын Америкада кайсы миллиондоруна окутуп жатат?

2010-жылга чейин шоопур болуп иштеген, үстүндөгү эски өӊү өчкөн жынсы шымын айлап-жылдап кийген Икрамжан Илмиянов 2010-жылдан кийин кыска убакытта эле өлкөдөгү эӊ бай адамдардын катарына кошулуп калды. Ал “кожоюну” Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен билими тайкы, тажрыйбасы нөл экенине карабай мамлекеттик жогорку кызматтарга барды. Атамбаевдик башкаруу убагында “шоопур” деген жаңы жогорку даражалуу «кызмат” пайда болду. Икрамжан Илмиянов көмүскө коррупциялык схемаларды, кадр дайындоолорду көзөмөл кылды. Ушунун арты менен ал өзүнө байлык топтоп алды. Икрамжан Илмиянов расмий түрдө ишкерчилик менен алектене турганын айткан эмес. Анын үстүнө мамлекеттик жогорку кызматта туруп, ишкерчилик менен шугулданууга да мыйзам жол бербейт эмеспи.

Акыркы жолу көрсөткөн декларациясы боюнча ал 1 жылдык кирешесин 316 миӊ сом деп көрсөткөн. Мындан тышкары, 90 чарчы метр аянттагы батир, 1986-жылы чыгарылган “Мазда-929” үлгүсүндөгү жеӊил унаа, жүк ташчуучу МАЗ 354323 унаага ээлик кыла турганын көрсөткөн. Бирок, ал өзүнө караштуу 7-каналга берген кенен маегинде айткандарынан улам баасы 80 000 доллар турган “Лексус-570” үлгүсүндөгү унаасын башкарып жүргөнүн жана жеке турак үйдө жашаганын байкасак болот. Ошондой эле Икрамжан Илмиянов көмүскө ээлик кылган бир канча компаниялар бар экени айтылып жүрөт.

Баарынан кызыгы, эл көзүнө бечара болуп көрүнгөн Икрамжан Илмияновдун Бурул Илмиянова жана Тахмина Илмиянова деген 9 жана 10-класстагы кыздары Америкадагы Нью-Йорк шаарында окуйт.

Жылына болгону 316 миӊ сом киреше таптым деп касам ичкен Илмиянов эки кызын кайсы акчасына окутуп жатат деген суроо жаралат. Нью-Йоркто 2 адамдын болжолдуу чыгымы бир айга 6-7 миӊ доллар же 483 000 сомго жакындайт. Бул батирдин ижара акысы, тамак-ашы жана жол чыгым, кийим кечеси. Мындан тышкары, Америкадагы окуу жайларга окуу бактысы ар кимге эле туш келе бербейт эмеспи. Ал жакта орточо окуу жайлардын контрагы 2000 доллардан тартып 15 000 долларга чейин. Нью-Йоркто окугандар оӊой адамдын балдары эмес экени белгилүү. Орточо алганда, эки кызына айына 3 500 доллардан 7000 доллар контракт төлөйт. Ошондо ар бир айына 7 000 доллардан эсептегенде жылына 84 000 долларды чапчыйт. Аны сомго которгондо 6 миллиондон ашып кетет. Колунда «правасынан» башка ийгилиги жок, декларацияда болгону 316 000 сом кирешесин көрсөткөн Икрамжан Илмиянов болжолдуу 6 млн сом чыгымдап кыздарын окутуп жаткан кирешени кайдан алып жатат? Ушул эле фактыга Икрам мырза татыктуу жооп бере алат болду бекен?

Булак: “Учур”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: