Menu

Искендер Шаршеев: Тышкы карыздан кутулуунун жолун ойлонбосо, аягы опурталдуу болот

Бөлүшүү:

-Искендер мырза, Кыргызстандын тышкы карызы 5 миллиард долларга жакындаганы кабарланды. Бул карыздан кутулуунун жолу кандай?

– Тышкы карыз деген эң жаман нерсе. Баарынан дагы Кытай мамлекетинен карыз алган жаман. Алар карызды эч качан кечпейт. Дүйнөдө Кытайга карызы бар алтымыштан ашуун мамлекет бар. Алардын арасында биз да барбыз. Коңшу тажик өлкөсү алган карызын бере албай, аргасыз жерин берип жатат. Мен билбейм, биз карыздан кантип кутулабыз. Кутулуунун жолун кыргыз бийлиги азыртан ойлонушу зарыл. Бийлик тилекке каршы буга көп маани бербей жатат. Бул өтө опурталдуу маселе.

Карыздан кутулуунун дүйнөлүк практикасы бар. Ал салыктан түшкөн каражат аркылуу кутулуу. Өкмөт социалдык программаларды жоюп, социалдык реформа жүргүзөт. Пенсияны жеке секторго өткөрөт. Мектеп, ооруканалардын жарымын менчиктештирип, жеке компанияларга берет. Ошентип кыскартуудан түшкөн каражат менен тышкы карыздан кутулушат. Жогоруда айткандай, тышкы карыздан кутулуунун дүйнөлүк практикасы ушундай.

– Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө айрым учурларда кыргызстандык ишкерлер алып барган товарлар кирбей калган учурлар көп катталчу болду. Мунун себеби эмнеде?

– Кыргызстанды алсыз өлкө катары санашат. Ошол себептен ушундай көрүнүштөр көп катталат. Мунун баары бийликке байланыштуу. Бийлик алдуу болсо, Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен бирдикте иш алып барып, туура иш жүргүзсө албетте иш жакшы болот. Эгер бийлик чабалдык кылса, анда абалдын жакшырышы кыйын. Анын үстүнө кыргыз ишкерлери да Бажы биримдигинин алкагында иш алып барбайт. Биримдиктин ичиндеги өлкөлөр менен тыгыз иштешип өздөрүн көрсөтүшсө, иш бир кадам болсо дагы алга жылат эле.

– Бүгүнкү Өкмөт куралып жатканда министрлердин арасында экономика министра Олег Панкратовдон башка бир дагы экономист жок экени депутаттар тарабынан сындалды эле. Ушул тууралуу оюңузду уксак…

– Убагында Олег Панкратов Бажы биримдигине кирүүгө үндөгөн адистердин бири болгон. Экономиканы жакшы түшүнөт, ал боюнча кеп жок. Бирок кандай болгон күндө дагы Панкратовдон башка дагы мыкты экономисттер Өкмөткө керек эле. Тилекке каршы, бизде парламенттик башкаруу болгондон бери ушундай жаман система калыптанып калбадыбы. Аткаруу кызматына кесипкөй адистер келбей, ишкерлер, коммерсанттар ж.б. келип калды. Албетте бул өкүнүчтүү…

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: