Таластын бир аксакалы суусар тебетейин силкип-силкип, сандыкка салып жатып айтат дейт: – Атаң гөрү? Сени сүлкүлдөгөн 30-40 жашымда кийсемчи? Тигил жагы Андижан, Ташкент, бул жагы Кашкар, Кытайга төө буурчак сатмакмын, – деп. Анын сыңарындай, азыр саясатка кирип-чыгып жүргөндөрдүн экинчи адамы арманга батып жүргөн чагы. “Досумду бекер далыга таптаптырмын” деп бирөөнүн ичкени ирим, жегени желим. “Ата Мекенге” кайра кантип кирем дегендер Болот Шерди ит менен издеп таппай жүрөт имиш. Убагында КСДПга “журт которуп” келгендер эми Асылбек Жээнбековдун бир ишааратын күтүп жүрүшкөн чагы.
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ