Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катардын туризм башкармалыгынын Тѳрагасы Хасан Аль-Ибрагим менен Доха шаарында жолугушту, – деп Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Uчүнчү Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына катарлыктарды чакыруу жана Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы туризм жаатындагы кызматташууну ѳнүктүрүү жолугушуунун негизги темасы болду. Элчи Нуран Ниязалиев кѳчмѳндѳр оюндары, анын тарыхы, негизги вазийпасы жана максаты тууралуу атайын презентация жасап, «Кѳчмѳндѳр ааламы» этнофестивалына Катардын туризм башкармалыгынын катышуусун сунуштады. Мындан тышкары, ал кыргыз жергесинин туризм мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ кеңири маалымат берип, 2014-жылы кол коюлган туризм боюнча кызматташуу меморандумунун толук аткарылуусу жана эки ѳлкѳгѳ туристтерди тартууда биргеликтүү иш алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарына Катар Мамлекетинин визасын алуу тартибин жеңилдетүү маселеси дагы талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ