Menu

Чубак Жалилов өлүм жазасын сунуш кылды

Бөлүшүү:

Диний ишмер Чубак Жалилов коррупцияга аралашкандарды өлүм жазасына тартууну сунуш кылды. Экс-муфтий жемкорлорго жаназа окууга тыюу салуу боюнча да Аалымдар кеңешине кайрыларын билдирди. Мындай демилгени колдобогон тарап “сот реформасы толук ишке аша элек кезде өлүм жазасын киргизүү кайсы бир саясий буюртмалардын аткарылышына жол ачат” деп жатат.

Диний чөйрөдө таасирлүү аалымдардын бири болуп саналган Чубак Жалиловжемкорлорду өлүм жазасына тартуу жөнүндө сунушун радиолордун биринде угармандар менен интерактивдик баарлашуу учурунда айтты:

– Биз кыйынбыз го, “Орусияда ушундай экен, Европада мындай экен” дейбиз. Эмне үчүн Кытайды айтпайбыз? Мен Кытайдагы колун, башын кескен мыйзамын колдойт элем. Бул жерде мен – Чубак ажы молдо болгонум үчүн эмес, улуу Кытай кошунабызды мисалга тартып жатам. Кытайда ушундай практика бар экен, коррупция кылгандардын башын алышат экен. Биз да ошондой кылышыбыз керек.

Чубак Жалиловдун айткандары жазылган видеотасма 27-майда “Youtube” порталына чыгып, эки күндө 15 миңден ашуун адам көрдү. Пикир жазган жүздөн ашуун колдонуучу анын демилгесин колдой тургандыгын билдирген.​

Жалилов буга чейин да айрым сунуш-пикирлери менен кызуу талаш-тартышка жем таштап келген. Анын кезектеги демилгесин дин таануучу Кадыр Маликовда колдойт:

– Биздин өлкө – дүйнөбий багыттагы мамлекет. Андыктан мен диний ишмер эмес, жөнөкөй жаран катары өлүм жазасын киргизүүнү колдойм. Киши өлтүргөндөрдү, педофилдерди жана ири өлчөмдө акча жымырган коррупционерлерди жазалаш үчүн өлүм жазасын киргизиш керек.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин мүчөсү Кенжебек Бокоев Кыргызстандын жарандары ар кандай маселелер тууралуу пикирин билдирүүгө укуктуу экенин, бирок өлүм жазасы менен жемкорлукту жоюу кыйын болорун айтты:

– Эгер ушул жол менен тыйылса, Кытайда жемкорлук токтоп калмак. Уурулук үчүн колун кесишет, коррупционерлерди атып салышат. Бирок жемкорлук токтогон жок. Камоо же атып салуу менен корупция тыйылса, көп жерде натыйжа бермек. Андай болбой атпайбы.

Кыргызстандын Баш мыйзамындагы өлүм жазасы жөнүндөгү жобого 1998-жылдан баштап мораторий жарыяланып, 2005-жылы Конституциядан алынып салынган. Анын ордуна өмүр бою абакка кесүү жобосу киргизилген. Аны ишке ашыруу мыйзамы 2007-жылы кабыл алынган.​

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: