Menu

Асел Кодуранова, депутат: “Нават” чайканаларына Раиса Атамбаева экөөбүз ээлик кылбайбыз

Бөлүшүү:

„Ордо калаабыздагы «Нават» аттуу чайканалардын баарына Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова менен мурунку канайым Раиса Атамбаева экөө ээлик кылат» деген кептер коомчулукта желдей тарады. Маалымат канчалык негиздүү экенин эл өкүлүнө собол таштап, жообун алдык.

-Асел айым, Бишкектеги 2-3 жыл ичинде салынган заманбап «Нават» чайканаларына Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова менен өлкөнүн мурунку канайымы Раиса Атамбаева ээлик кылат» деген кептер тарады, ушундайбы?

– Сурат байке, эгер ушундай болсо ооздоруна май, тиешелүү болуп калса кана, жыргабайт белем?! Анда сизди биринчи кезекте чайга чакырып, кубанычым менен тең бөлүшмөкмүн. Элибиз кээде чындыкка коошпогон кептердин аркасынан ээрчип, аны апыртып, анысы аз келгенсип көбүртүп-жабыртып ийгендерине таңгалам. Биринчи жолу ушинтип укканымда аябай шок болгом.

– Кайдан уктуң?

– Раиса Атамбаева мага чалып, «уктуңбу, экөөбүз шаардагы «Нават» чайканаларына ээлик кылат экенбиз» деген. Анан Раиса айым «соцтармактарга ушинтип эле калпты жаза берсе болобу? Кантип ойлоп табышты? Жазгандарынын бири да чындыкка коошпойт» деп аябай капа болду.

– А өзүң ошол маалымат менен таанышып көрдүңбү, ким жазып, айтып-дептир?

– Интернеттен чала көрүп калдым. Сиздердин мурунку гезитиңерге аты окшош «Учур» деп жүрөт. Аны сатып ийсеңиздер керек эле…

– Эбак эле, изи сууганына көп болду. Асел, андан көрө айтсаң, «Нават» чайканасын эмнеге сага жана Раиса эжекебизге жабыштырып атат?

– Аны толук биле албайм. Мүмкүн аны иштетип аткандарды тааныганым үчүнбү?..

– Таанышпы, кандайча жакындыгыңар бар?

– Менден жаштары кичүү бир кыз, эки эркек иштетет. Алар шайлоо учурунда биздин КСДПга, анын үгүт иштерине жардам берген. Ошол эле учурда мен да аларга «мыйзам чегинен чыкпай, эл үчүн ак эмгек кылгыла. Тамак-ашыңарды даамдуу кылып, ар бир кардарды жогорку деңгээлде тейлесеңер эле ишиңер алдыга жылат» деген улуулук насаат сөздөрүмдү айткан болчумун. Азыр Кудайга шүгүр, ордо калаанын төрт-беш жерине ачышты. Мамлекетке тиешелүү салыктарын төлөп, кайрымдуулук иштерин да кылып келишет. «Ош жана Алматы шаарларына да ачабыз» деп атышат. Элге ак эмгек кылса эле анын акыбети кайтпай койбойт да. Ишканаларын кеңейтишсин, өркүндөп өсүшсүн, алга жылышсын. Биз ушундай жаштарга бут тоскондун ордуна, тескерисинче, колдоого алып, жардамыбызды аябасак да…

– Демек, демек…

– Сурат байке, мен сизге кантип калп айтайын? Демек, ыйык орозо айында дагы бир жолу сизге «Раиса Атамбаева менен Асел Кодуранова «Нават» чайканаларына ээлик кылбайт, кылган эмес!» деп терең ишендирип кетем. Жүз пайыз эмес, керек болсо миң пайыз тастыктап бере алам.

– Орозосуңбу?

– Шартка байланыштуу кармаган жокмун.

Сурат Жылкычиев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: