Menu

Акаевдин күйдүргүсү Сыртбай Мусаев Жээнбековго кантип чапташты?..

Бөлүшүү:

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун лингвистика институтунун директору болуп профессор Сыртбай Мусаев иштеп жатат. Англис, немис жана башка чет тилдер боюнча адистерди даярдаган бул институтка бир ооз англис же немис тилин билбеген, кыргыз тили боюнча адистин жетекчилик кылып отурушу мыйзамдуубу?

Негизи Сыртбай Мусаев адистиги туура болобу-болбойбу, иш колунан келеби-келбейби, ага карабай эле чоң кызмат берсе «айланайын» деп эле кете берерин айтып жүрүшөт. Аскар Акаевдин заманында ал масс-медиага эч кандай тиешеси жок болсо да, КТРге президент болуп барып, Акаевдин үй-бүлөсүнө чуркап кызмат кылып, Майрам Акаеванын шаан-шөкөттөрүн даңазалап, алтургай анын оозун боёгонуна чейин таң азандан күн батканча көрсөтүп, элдин кыжырына тийип, телеканалды «кара үкөккө» айландыргандардын бири ушул күйдүргү эмес беле? Албетте, Акаевдер С.Мусаевдин колдон суурулган ашкере элпектигин баалап, бекеринен КТРге президент кылышкан эмес. Же бул чоң идеолог болсочу? Ошол бозгун президенттин үй-бүлөсүнүн жакын санаалаштарынын бири Т.Айтикеева деген болгон. Ошол Айтикеевага Сыртбай Мусаев эжекелеп төшөлүп, «жердешпиз» деп ичи-койнуна кирип, эшигин сагалап жүрүп, К.Карасаев атындагы БГУга ректор, андан кийин КТРге президент болуп барганы илимий интеллигенцияда айтылып жүрөт.

С.Мусаев өткөн жылы Ж.Баласагын атындагы КУУдагы ректорлук шайлоого катышуу үчүн чамынып, бир дагы факультет анын талапкерлигин колдобой, жыдып калган. Дал ушунун өзү кадыр-баркынын төмөндүгүн көрсөтүп турбайбы? Эми болсо, «Жээнбековду президент кылуу үчүн батиңкебиз жыртылганча чуркадык» деп бирөө айткандай, Сыртбай мырза өткөн жылдагы шайлоодо президентке иштегенин бетине кармап, кызмат сурап жүргөнүн угуп жатабыз. Өзү тилчи болгону менен С.Мусаевге «каржы министри бол» десең деле боло берет. Акаевдин протекция менен көтөрүлгөн кадрларына азыркы бийликтин күнү түшүп калдыбы? Болбосо, карьерасы качан эле бүткөн, 70ке таяп калса да жулунуп жүргөн, саясый жактан жыдыган С.Мусаев сыяктуу кадрлар өлкөнү оңдоп жибереби? Андан көрө дили, колу таза жаштарды көтөрүшсө болбойбу?

Алакозу Сагындыков

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: