Өзбекстандын Фергана облусундагы бардык мектептерде ата-энелер чогулушу болду. Анда ата-энелер диний билим үчүн балдарын имамдарга окутууга жибербөө, ошондой эле алардын зомбулук көрүнүштөр бар компьютер оюндарын ойноосуна тыюу салуу милдеттенмесин алган тилкат жазып беришти.
Мындай тилкат жазган ата-энелердин арасында 12 жаштагы уулу Фергана облусундагы Маргилан шаарынын мектептеринин биринде окуган Шерали Дустёров дагы бар.
«28-майда өткөн чогулушта ата-энелер балдарынын түрдүү диний агымдарга жана кылмыштуу топторго кирип кетишине жол бербеши керектиги айтылды. Ошондой эле аларды зомбулукка үйрөткөн компьютер оюндарын ойнотпоо зарылдыгы белгиленди», – деди ал.
Фергана облустук билим берүү башкармалыгынын аты-жөнүн айтуудан баш тарткан кызматкеринин билдиришинче, окуучулардын ата-энелеринен тилкаттар балдарды акысыз окуткан имамдардын көбөйүп кеткендигине байланыштуу алынганын билдирди.
«Азыр бизде балдарын диний билим берүү менен алектенген жеке адамдарга жөнөткөн ата-энелер абдан көп. Мунун жыйынтыгында айрым балдар түрдүү диний агымдарга берилип кетип жатышат. Дал ошондуктан мектептер ата-энелерден тилкаттарды алып жатышат. Бул өтүнүчүбүзгө ата-энелердин бардыгы эле түшүнүү менен мамиле кылышууда», – деди ал.
Анткен менен Ферганадагы «Саодат» мечитинин кызматчысы балдардын диний билим алуу каалоосун чектөө туура эмес деп эсептейт.
«Менин оюмча, тиешелүү органдар ата-энелерди мындай тилкат жазып берүүгө мажбурлап жаткан мектеп жетекчилерине карата чараларды көрүшү керек», – деди ал.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ