Menu

“Кумтөрдү” талап-тоногон мафия Садыр Жапаровду бошотууга каршыбы?

Бөлүшүү:

Коомчулукка белгилүү болгондой, Жогорку Сот Садыр Жапаровдун көзөмөл иретиндеги арызын кароону 29-майга саат 10.45ке белгилеген болчу. Бул окуяга карата саясатчынын миңден ашуун тарапташтары, түрдүү саясий жана коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана белгилүү адвокат Шарабидин Токтосунов баш болгон 8 кишиден турган адвокаттар бригадасы чакырылган процесс, тилекке каршы, соттук коллегиянын мүчөлөрүнүн бири ооруп калгандыгына байланыштуу башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу Соттук коллегиянын төрагасы Кеңеш Токтомамбетов жарыя кылды.

Күтүлгөндөй эле аталган сот отурумуна жети дубандын бардык булуң- бурчтарынан мекенчилдерди колдогон инсандар келишип, плакаттарды кармап, кезек менен сөз алышып, өз пикирлерин билдиришти.

— Биз, адвокаттар, сот отурумуна бир нече күн калганда соттук коллегияга кошумча даттанууларды, видеодисктерди, Жогорку Кеңештин депутаттарынын 30дан ашуун колу коюлган кайрылууну жана депутат Исхак Масалиевдин жеке кайрылуусун тапшырган элек, — ​деди адвокат Ш.Токтосунов, сот процессинин башка күнгө жылдырылышынын себеби тууралуу өз пикирин билдирип. — ​Сыягы, тапшырылган кошумча материалдар менен таанышып чыгуу үчүн кошумча убакыт керек болгондуктан, соттук коллегия жогорудагыдай чечимге келди окшойт…

Жогорку Соттун алдындагы Садыр Жапаровдун сотуна байланышкан бул күнкү акция 2017-жылдын 25-мартындагы УКМКанын имаратынын алдындагы митингден айырмаланып, ошол кездеги башкы провокатор кызматтан кеткендигине жана бир айдан бери эс-учунан танып мас жаткандыгына байланыштуу тынч, ызы-чуусуз өттү. Буга байланыштуу бул күнү мекенчилдер менен биргеликте коомдук тартипти камсыз кылууга катышкан милиция кызматкерлеринин маанайлары да көтөрүңкү турушту. Алардын ичинен формачан тургандыктарына карабастан, “Садыр Жапаров акталууга тийиш” деп айткандар да болду.

Жогорку Соттун имаратынын алдына чогулгандардын ортосунда Садыр Жапаровдун чыгарылыш-чыгарылбашы тууралуу кызуу талкуу жүрүп, алыскы Кадамжайдан ат арытып атайын келген эмгек ардагери Ниймат ажы Бегматов мындай деген пикирин айтты:

— Мен өткөн жылдын 25-мартында айылдан Садыр Жапаровду тосуп алууга келип, УКМКанын алдында маска кийген шайтандардан катуу таяк жеп, араң кутулуп кеткен элем. Бүгүн да түнү бою жол жүрүп, чыныгы эл уулунун бошотулушуна күбө болуп, ага тилектештигимди билдирип, ажылык батамды берип кетейин деп келдим эле. Тилекке каршы, сот отуруму башка күнгө которулду деп жатышат. Бул жерге чогулгандардын бардыгы, мен өзүм да, Садыр Нургожоевичти чыкса экен деген үмүт менен келип отурабыз. Бир жаман жери — ​өткөн жылы өзүм баш болуп, тынч акцияга чыккан ондогон мекенчилдер катуу ур-тепкиге алынгандыгына адамдар милицияны, УКМКаны күнөөлөшөт. Тереңирек ойлоно турган болсок, Кумтөр кенин талап-тоногон эл аралык мафия Акүй аткаминерлерине ири өлчөмдөгү акча берип, Садыр Жапаровду ак жерден абакка киргизип, анын колдоочуларын аёосуз ур-токмокко алдырып, бир далайын каматкандыгынын себеби — ​мекенчилдер өз лидери баш болуп, Кыргызстандын алтын өнөр-жайын талап-тоноону улантууга жолтоо кылдырбоо. Ошондуктан, менин оюмча, чет элдик “Центерра” жана “Кумтөр Голд Компани” ишканалары Садыр Жапаровду эркиндикке чыгарбоо үчүн азыркы кыргыз бийлигине катуу кысым көрсөтүшүүдө. Ошондуктан, Жогорку Соттун Садыр Жапаровду акташынан чоң күмөнүм бар. Жогорку соттун артында миллиарддык кызыкчылыгы бар жогоруда аты аталган эки ишкана жана азыркы бийлик тургандыгын унутпашыбыз керек. Ошондуктан, кур намыска алдырбай, биринчиден, элдик лидерди куткаруу үчүн, экинчиден, мындан кийин да Жапаровго окшогон башка мекенчил азаматтарыбызды жем кылып салып бербеш үчүн бардык саясий күчтөр, коомдук уюмдар мекенчилдердин айланасына бирдиктүү фронтко топтолууга тийиш…

Мекенчилдер баш болгон коомчулук эски аянтта эки сааттай чогулуп турушуп, соттук коллегиянын төрагасынын жогорудагыдай жообун угушкан соң, тарап кетишти. Ошол мүнөттөрдөн тартып коомчулукта Садыр Жапаровго карата күтүлүп жаткан бийликтин кезектеги карасанатайлыгы тууралуу көп түрдүү пикирлер тарай баштады. Эмнеси болсо да, шалактап араң турган бийликти Кудай сактагай эле…

Сот отуруму 5-июнга саат 14.30га белгиленди.

Номанжан АРКАБАЕВ

Редакциядан: сот отурумунун башка күнгө жылдырылышы соттук коллегиянын мүчөсү Балтагуловдун ооруп калгандыгына эмес, башка белгисиз себептерге байланыштуу экендиги тууралуу маалымат алынды. Судья командировкага кеткен имиш…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: