Menu

Азамат Исмаилов: 16 жаштагы кызды алып, “Келин келгенский” ыры менен таанылган Азамат

Бөлүшүү:

-Азамат, куудулдук өнөр кай жактан келатат деп ойлойсуң, ата журттанбы же тай журттанбы?

– Түзмө-түз куудулдук жок, ошентсе да чыгармачылык, анын ичинде Шапак Рысмендиев чоң аталар тубаса манасчы болсо, тай журттан Бейшеналы Кулболдиев мыкты комузчу болуптур. Анткен менен туугандар бир тасмалда отурганда эки жактан тең куудулданып, сөздү бура сүйлөгөндөр жок эмес. Өзүм жашоодо өтө жоош болгонум менен сахнага чыга келгенде «чымындарым» ойгонуп кетип, менден өткөн куудул жок болуп калат. Негизи куудулдукту бирөө башташ керек окшойт. Ошол миссия мага туш келип калган өңдүү.

– Соцтармактар, анын ичинде эң популярлуу делген Инстаграм сен үчүн эмне?..

– Инстаграмда менин подписчиктеримдин саны 423 миңге жетти. Бу да чек эместир. Инстаграм – чыгармачылыгымды көрсөтүп аткан, калың элдин катмарына пропаганда кылган соцтармак деп билем. Инстаграм аркылуу жарнама, роликтерди салып акча табам. Мурун радио, телевидениеге жалдырап, «муну чыгарып койчу, тигини көрсөтүп койчу» деп убакыттын баары ошого кетчү. Азыр жумушубуз жеңилдеди.

– Боюңа тийишкендер болдубу?

– Чынын айтсам, менден да кичинекей адамдар бар. Бою узундарды көргөндө быякта туруп алып эле жүдөй берем. Кыймыл аракеттери копол болгондуктан алар эңкейгиче мен илип кетем. Бурулуп  карагыча, чимирилип барып алып келе коём. Өзүмдү спортивный «мерс», а чоң адамдарды болсо прицеп кошулган КамАЗ элестетем. Эгер боюм узун болгонумда мүмкүн куудул болбой калмакмын.

– Чыгармачылыгыңда Тамашоу кандай роль ойноду?

– Тамашоу мен үчүн өзгөчө форматтагы мектеп болду десем жаңылышбайм. Тамашоу ырдаганды, бийлегенди, элди күлдүргөндү, актёрлукту үйрөттү. Чыгармачылыктын даңгыр жолуна алып чыкты.

– «Келин келгенский» деген ырыңдын популярдуулугу кээ бир ырчылардыкынан он эсе ашып кетип атат…

– Мен деле убагында клип тартылып атканда мынчалык болуп кетерин ойлогон эмес элем. Бүгүнкү күндө бир эле Ютубда 2,5 миллион көрөрман чапчып отурат. Аябай удачно ырдап коюпмун. «Келин келгенский» ырым менен элге таанылдым. Ал эми Кайрат Кыргыздын ырына пародиям деле өзүнүн аткаруусунан ашып кетип атат, «Кудай сактай көр» деген жан жок.

– Эми кичине болсо да жеке жашооңо башбагып, колуктуң Сымбат менен алгач таанышканыңды уксак. Кантип жаш кыздын жүрөгүнө чок салып койдуң?

– Жаш кыздың жүрөгүнө чок салам деп, өзүмдүкүнө билинбей чок салынып калыптыр. Сымбат анда 16 эле жашта экен. А мен карт бөрү. Кичинекей братишкеси менен «Ала-Too» кинотеатры жакта сейилдеп жүрүшүптүр. Сымбатты бир көрүп эле жактырып калдым. Тааныштык, баары мен ойлогондой болбоду. Сымбатка «үйлөнөлү» десем, «мен азыр болгону 16 жаштамын. Окуп билим алайын. Болбоду дегенде 18 жашка чыгайын. Эки жылдан кийин. Бизде баардыгын чоң апабыз чечет» деген көп шылтоолорду айтты. А мен «менде «чыдабайт» деген справкам бар» деп, болочоктогу кайненеме, Сымбаттын чоң апасына, Таласка чейин барып, батасын алып атып акыры үйлөнүп жаным тынды. Ошол процессти тарыхий роман кылып, мемуар катары 80-90 жашка келгенде шашпай отуруп алып кагаз бетине түшүрөт окшойм. Азыр Сымбатты келинчек кылып алганыма эч өкүнбөйм.

– Сымбаттын көкбеттик жагы калып келатабы?

-Негизи аял кишини алдап-соолап, акырын ийге келтирсе, акырындап тарбияга салса болот. Көкбеттик жагы тукумунда бар окшойт. Мага турмушка чыкканы ошонусун ала келген. Азыр акырындап анысы жоголуп бараткансыйт же мен анын «ит кыялына» баш ийдимби, билбейм. Камыр-жумур болуп эле бактылуу үй-бүлөбүз. Учурда бир уул төрөп берди. Уулдуу болгондон кийин аябай эле серьезный болуп калдым, оор басырыктуу басып дегендей. Теңтуштардын «жарашпайт» дегенин укканым жок.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: