Өткөн жуманын этегинде кыргызды кабатыр кылган окуянын бири катталып, Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк көкпар (көк бөрү) ассоциациясынын жыйыны өткөнү, ага катышкан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия, Ооганстан сындуу тогуз өлкө бир добуш менен тайказандан баш тартуу чечимин кабыл алганы маалымдалды. Эми алар кабыл алган жобого ылайык, эл аралык турнирлер мындан ары Казакстан сунуш кылган көкпар эрежелери боюнча тайказаны жок, улактын ордуна муляж менен оюн өтмөй болуптур. Бул биздин шалаакылык болду дегендер бар. Мүмкүн жакшы деле жагы бардыр. Тайказандар өмүргө, ден соолукка коркунуч келтирген учурларды көрүп жүрбөйбүзбү. Кандай болгон күндө да 2020-жылы Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну көк бөрүнүн эрежеси боюнча өтмөй болуптур. Ушуга канагат кылып туралык.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ