Шамал кайсыл жактан согуп жатканы белгисиз. Сооронбай Жээнбековдун пресс-катчысы Толгонай Стамалиеванын ордуна кызыккандар ага карата каралоо иштерди башташты. Болгондо да ага Бакиевчил адамдар тарабынан сокку урулуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Сооронбай Жээнбеков кандай чечим кабыл алаары белгисиз. Бирок, Бакиевдин кылмыштуу бийлигинин өркүндөп-өрчүшүнө чоң салым кошкондор, аны мактап-жактап аңга түрткөндөр, эми Сооронбай Жээнбековго акыл үйрөтүп, пресс-катчысын иштен алууга үгүттөп жаткандарынын өзү эле өтө кооптуу. Толгонай Стамалиева, биз билгенден кайсыл гана жетекчи болбосун жан дили менен берилип кызмат кылып келет. Интригадан алыс. Ошол себептүү анын дарегине сын-пикир айтыш өтө эле оңой болуп жатса керек. Анын үстүнө анын ордуна чуркагандар да көп экен. Аял кишиден кызмат тартып алуу үчүн, аябагандай чоң көө жаап, анын сырткы келбетине асылгандын өзү Кудайга жакпаган иш эмеспи. Мейли, Стамалиеваны кызматтан алышсын дейли, бирок аны сый менен узатып, ордуна башканы коюшса адамкерчилик болот го ыя? Президенттик шайлоодо бул айым уйку көрбөй кызмат кылып, Жээнбеков жеңишке жеткенде кубанганынан көзүнө жаш алганын билебиз. Эми анын көз-жашына калбай, сый менен узатышса деген эле тилек. Каралоонун да чеги болот. Аял кишини аягылачы айланайындар…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ