Menu

Абдил Сегизбаев жаш профессор Темир Болотбекке да жалган жалаа менен кылмыш ишин козготуп, сотко өткөргөн

Бөлүшүү:

Эки айдан бери 1-май райондук сотунда КГУСТА окутуучусу, жаш профессор Темир Болотбектин үстүнөн сот уланууда. Анын “күнөөсү” Фейсбукта Советтер Союзунун архитектурасына суктанып сүйбөй, сындап койгону. Темирдин үстүнөн “Советтер Союзун сүйбөйт”, “улуттар аралык араздашууну” козгоп жатат деп томолок кат түшөт. УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаев кадимкидей кылмыш ишин козготот. Элестетип коюңуздар, “совет доорунда курулган архитектураны жакшы көрбөйт” деген кылмыш. Биз баардыгыбыз түшүнүп турабыз, эмне болуп атканын. Улуттук коопсуздукту коргоочу органдар тескерисинче ошол улутубузга коркунуч болуп, мурунку КГБ жасабаган кордукту көрсөтүп жатышпайбы. Ал ишти Жолдубаеванын прокуратурасы сотко жолдогон. Так ушундай арабыздан чыккан саткындар, учурунда жаш профессор Касым Тыныстановду да “улутчулсуң” деп атып тынышкан. Эми болсо суверендүү, көз карандысыз чагыбызда кайсы душман тергөөчү, кайсы прокурор, кайсы эксперт жана кайсы сот Темир Болотбекти соттоп атат?! Бул эгемен өлкө үчүн уят көрүнүш го…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: