Menu

Жээнбеков менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасында делимитация, демаркация иштерин эртелетүү зарыл деп билдиришти

Бөлүшүү:

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президентти Эмомали Рахмон Кытайдын Циндао шаарында жолукту.

Тараптар аймактагы диний терроризм жана экстремизмдин абалы жөнүндө сүйлөшүп, аларга каршы турууну чогуу күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жээнбеков өз сөзүндө кыргыз тарап Тажикстан менен мамилеге өзгөчө көңүл бурарын, эки тараптын тең кызыкчылыгын камтыган кызматташтыкта, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүгө ачык экенин белгиледи. Эки лидер тең чек арадагы делимитация, демаркация иштерин эртелетүү зарыл деген пикирин билдиришти.

Кыргызстандын президенти Циндао шаарына Бээжинден учуп барды. Ал 6-8-июнь күндөрү Кытайда мамлекеттик сапарда болду.

Бул ирет ШКУнун саммити “сегиздик” форматында өтөт. Ага Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Орусиянын президенттери катышат. Анда маданий-гуманитардык маселеден тартып, экономика, коопсуздук боюнча сөз болору айтылууда.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: