Menu

Ыссык-Көл облусттук үй-бүлөөлүк дарыгерлик тобундагы “иттин өлүгү”

Бөлүшүү:

Көлдө ЦСМ жетекчиси жана саламаттык сактоонун Көл боюнча координатору Эсенбек Абылаевич Сатылкановдун ишиндеги катылган “иттин өлүгү” тууралуу айың кептер айтылып келет. Андагы кемчиликтер боюнча координациялык кеңештин отурумунда, областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, саламаттык сактоо мекемелеринин координатору дагы ымыркайлардын ден-соолугуна байкоо жүргүзүүнүн начардыгы, амбулатордук жана стационардык кызматтардын биргелешип иштеши камсыз кылынбагандыгы, саламаттык сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгүнө координациянын начар жүргүзүлгөндүгү көрсөтүлүп, ЦСМдин орун басары М.Б. Кыдырбаеванын кызмат абалын кароо жана К. Жеңишбек кызына административдик чара колдонуу жагы тапшырылганы айтылган.

Ошондой эле, бизге жеткен маалыматтарга караганда, Түп аймактык райондук ооруканасында кадр жок деген шылтоого байланыштуу жоопкерчиликсиз, врачтык этика дегенден ныпым түшүнүгү жок дарыгерлер иштеп жатышыптыр. Маселен, инфекция бөлүмүнүн башкы врачы Абдыкадыров Абдыметал 12-майда командировкага кеткен бойдон, белгисиз себептер менен ишке келбей коюптур. Бирок, аны оорукананын жетекчиси Айнура Бейшекеева эки-үч жумадан соң араң ишинен бошотот. Айтор Абдыкадыровтун буга чейин эле ишиндеги оркойгон кемчиликтерине карабай, эмнегедир ишин улантып келиптир. Аны жетекчиси билген менен көз жумуп келген… Ошондой эле, балдар бөлүмүнүн бир дарыгери ичкилик ичип, эки-үч күндөп жатып алат экен деген дооматтар айтылып келет. Бирок, ал ушак экендигин айтып оорукана жетекчиси Бейшекеева бизди кекетти. Булар боюнча областтык координатор Сатылкановго кайрылсак, андан толук кабары жоктугун билдирип, кийин бизди кабыл алуудан баш тартты.

Ууру тойгончо жеп өлгөнгө чейин карганат

Мунун себебин кийин түшүндүк. Көрсө  кечээ «менин ишимде кенедей да кемчилик жок” деп актанып атып эле, эртеси прокуратура тарабынан ЦСМге кылмыш иши козголсо, кимдин гана маанайы түшпөйт. Көрсө булар 2015-жылдын июнь айынан тартып, 2018-жылдын январь айына чейин мекеменин кызматкерлери менен мыйзамсыз эмгектик келишим түзүлүптүр. Айрым кызматкерлерге жана ЦСМ директорунун орун басарына кошумча эмгек акы төлөнүп жүрүптүр. Натыйжада, мамлекетке жалпы суммасы 930 000 сом зыян келтирилиптир.

Буга окшош мыйзам бузуулар Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасында, Балыкчы шаарынын ЦСМинде, Ысык-Кол райондук ЦСМинде текшерүү учурунда катталыптыр. Ошентип, мамлекетке келтирилген зыян 1 млн. 515 миң сомду түзүптүр…

(Уландысы бар)

Асылбек Бектенов

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: