Menu

КСДП Атамбаевге каршы

Бөлүшүү:

Мындан 8 жыл мурда 86 жигиттин өмүрү кыйылып, бийликти алмаштырууга чон салым кошкон КСДП партиясынын азыркы абалы жакшы эмес. Өткөн жуманын башында мурдагы өкмөт башчы, партия лидеринин орун басары Сапар Исаков, саясий кенештин мүчөсү Кубанычбек Кулматов, КСДПнын депутаты Осмонбек Артыкбаев камалды. Узак убакыт КСДПнын катарында жүргөн айрым адамдар партияны кезексиз жыйынга чогултуп, анын төрагасы, экс-президент А.Атамбаевди кетирүүгө үндөй баштады. Мындай демилгечи топтун башында КСДПнын лидерлеринин бири, А.Атамбаевдин өзүнүн эле иниси С.Абдырахманов турууда.

Ал эми лидери, экс-президент А.Атамбаевдин экс-президент статусу алынганы турат. Эгер АША бул ыйгарым укуктан ажыратылса, анда түз эле абактагы Ө.Текебаевдин жанына барып калары калетсиз. Себеби АШАнын алты жылда кыргыз элине, мамлекетине жасаган кыянатчылыгы тоодой. Баарынан да кечээ эле “аташкасынын” көзүнүн кареги менен тең айланган жан-жөкөр партиялаштары чөгүп бараткан кемени таштай качкандай аркы жээкке өтө качышкандыгы таң каларлык болууда. А.Атамбаевдин айланасында азыр эски шоопуру И.Илмиянов, депутаттар А.Артыков, М.Мадеминовдор эле калышкандай. Анвар аке деле бийлик тарап көзүн кысып койсо өтө качууга камданып турат дешет. Эң эле трагедиялуу жагдайы – А. Атамбаевди бир да өлкө кабыл албай жатыптыр. Барса бир гана Африка өлкөлөрү эшигин ачышы мүмкүн. Бирок негрлерге каракталганча, алты жылда элден тоногон миллиондорун сырткы карызга төлөп берсе, айкөл кыргыздар кечирер беле?

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: