Menu

Видео – Түркмөнстандын түштүгүндө сел бир нече ооганстандык кишинин сөөгүн агызып келди

Бөлүшүү:

28-майда Түркмөнстандын бардык аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, Мургап дарыясында суу жээктен ашты. Мары облусунда сел жүрдү.

Тахтабазар районунун Марчак айлынын тургундары сел болорун алдын ала билишкенин айтышты. Алар эң керектүү буюм-тайымдарын алып, кыштактын дөңсөө жерине чыгышып, аман калышкан. Мал жандыктарын, турак-жайларын сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

“Селдин агымы ушундай катуу болгондуктан, айылды бүт каптап кетти. Сел бүткөндөн кийин баткактардын арасынан Ооганстандын сегиз жашоочусунун денеси табылды. Алардын сөөгүн дөңгө алып барып көмүштү”, – деди Мары облусунун жашоочусу.

Серхетабат районунун Чеменебит совхозун да суу каптап, жашоочулар турак-жайсыз калышты. “Селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам иретинде бирден синтетикалык матрас жана жаздык гана берилди”, -деди Чеменебит айлынын тургуну.

Айрым маалыматтар боюнча жергиликтүү аткаминерлер жабыркагандарга жардам берүү үчүн бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен акча чогултушууда.

https://www.youtube.com/watch?v=7sEkOP1mPv4&feature=youtu.be

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: