Menu

Алтынай Өмүрбековадан башка вице-премьерлер элдин шоруна жаралышканбы?

Бөлүшүү:

Эмне үчүн өлөсөлүү өкмөт ишин көрсөтө албай жатат? Себебин жөнөкөй эле талдасак болот. «Кадрлар баарын чечет» дел Сталиндин айтканы эсиңердеби? А биздин жогорку даражадагы кадрлар эшектин тушагын да чече алышпайт окшойт… Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мурда иштерман, тапшырмаларды так аткаруучу катары бааланып келсе, учурда иши өрлөбөй атканы эмнеси? Кептин баары шашылыш чогулган командасында эмеспи? Ири алды төрт вице-премьерге азыноолак токтололу.

Кубатбек Боронов бир топ жыл ӨКМни эски партократтын иш ыргагында башкарды. Жаратылыш кырсыктарын аддын алуу жагынан ырааттуу көрсөткүчтөрдү жасай алган эмес. Кирди-чыкты, «хоп майли» деген тариздеги жетекчи. Оргуштаган идеяларын көрө алган эмеспиз, анан кантип 1-вице-премьер болуп отурат? Дарамети жүзүнөн эле байкалып турбайбы? Тек гана «өгүз өлбө, араба сынба» деген ыргакта кетүүдө. Күн өтсө болду. Шымын креслого жышып, кызмат баркын кетирип отурса, башкасын айтып не кылабыз?

Жеңиш Разаков болсо, Баткенде ОИИБ начальниги, губернатор болгон. Ошол кездерде Тажикстандын шпиону катары шугулданганбы? Себеби, кийин ушул өңүттө шек саноолор жаралып, ЖМКларга компромат маанайындагы материалдар жарыяланган. Өзү унчукпай кутулган болчу. Негизи Разаковдун күч органдарына кураторлук кыла турган дарамети жетишпейт. Милиция системасында иштеп жүрүп, кандай эрдиктерди жасаптыр? Билбейбиз. Денеси эле дөңкөйүп чоң болбосо, деңгээли пас. Болгону «ака-ука» деген мамилени жең ичинен өздөштүргөнү, шопур аркылуу президенттерге жол тапканы, жагынганы жагынан карьералык секирик жасап жүрөт. Эрксизден көндөй челекти элестетесиң да-а…

Калыстык үчүн баса белгилейли, вице-премьерлердин ичинен Алтынай Өмүрбекованын билими жетик, социалдык жаатта тажрыйбалуу кадр. Аким, депутат, вице-спикер катары демилгелүү иштегени эсибизде. Маселе чечүүдө терең ой жүгүртүп, көйгөйлөрдү кароодо жол тапкычтыгы бар. Тажрыйбалуу, энергияга бай. Өкмөт курамынын баардык мүчөлөрү Алтынай айымдай адистер болгондо, бүгүнкудөй кашаңдыктан жогору турмакпыз.

Экономикалык блокту тейлөө үчүн Замирбек Аскаров «Бир Бол» фракциясынан вице-премьер болгонун эскерте кетели. (Деги ушул «бирболчулардан» келген чийки аткаминерлерге зээниң кейийт.) Аскаровдун өмүр баянына көз жүгүртсөң, мынчалык бийик кызматка келгидей кыйраткан деле жолду баспаптыр. Жогорку окуу жайында мугалим, аким, Ош шаарынын вице-мэри. Кыска аралыктарда иштептир. Баш чайкайсың да. Мындай телибайды министрдин орун басары, анан министр, андан соң азыркы кызматына беш-алты жылдан кийин апкелишсе болбойт беле? Ошондо да идиреги болсо. Көрсө, коррупцияга шектүүлөрдөн куралган «бир-болчулар» ыңгайдан пайдаланышат тура, коалицияга кириштиби, соодалашып, жулкулдашып, анан «жымыңдаган» бирөөнү асмандын башына чыгарып жиберишсе болду. А мамлекеттин келечеги эмне болот? Аскаров экономиканын «Э» тамгасын түшүнбөсө, коомчулукка «жарк» эткен иши менен көрүнбөсө, анан кантип алдына коюлган милдеттерди аркалай алат?

Күйөсүң ушинтип, себеби, жогорку жетекчилер караңгыдан көз тапкандай билерман болушпаса, болгону партиялардын кызыкчылыгы үчүн «соодалашуу» аркылуу бактылары ачылып жатышса, а элди ойлогонго акыл парасаттары кайдан жетишмек эле? Ошон үчүн оңолбой жатабыз да. Кыскасы, мындан ары да ыңгайына жараша башка министрлерди, ведомство башчыларын сындоого дилгирбиз. Буларды чукулап турбасаң, ичип-жешип гана кете беришсе кимдерге опо?..

Тайлак Назымов

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: