Menu

Видео – Орусияда футбол боюнча дүйнө биринчилиги башталууда

Бөлүшүү:

Орусияда бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Өлкө бул ири мелдешти өткөрүү укугуна алгачкы жолу ээ болуп отурат.

Расмий салтанаттуу ачылыш аземи Москва убактысы боюнча 16:00дө башталат. Мелдештин алгачкы оюну эсептелген Орусия жана Сауд Арабия курмаларынын ортосундагы беттеш 18:00дө борбор шаардагы «Лужники» стадионунда өтөт.

Чемпионаттын ачылышына 10дон ашык мамлекеттин, көбүнчө Латын Америкасы менен КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери келишти. Сауд Арабиясынан тактынын мураскери, ханзада Салман Ал Сауд келсе, Түндүк Кореянын делегациясын парламент төрагасы Ким Ён Нам баштайт.

Орусияда мелдештер 14-июндан 15-июлга чейин 11 шаарда өтөт. Москва, Санкт-Петербург, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Сочи, Казан, Калининград, Волгоград, Нижний Новгород жана Екатеринбургда беттеш уюштурулат.

Орусиядагы дүйнө биринчилигинин жалпы байге фонду 400 миллион долларды түзөт. Бул тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелип, 2014-жылы Бразилияда өткөн мелдештегиден 12% көп. Чемпионатка катышкан ар бир командага кеминде 8 миллион доллардан берилет. Финалга чыккан командалар 28 миллион, коло байге алган команда 24 миллион жана төртүнчү орунга ээ болгон команда 22 миллион алат.

Дүйнө чемпионатын бойкоттоого төрт мамлекет: Австралия, Британия, Исландия жана Польша үндөгөн. Европарламенттин мүчөлөрү да дипломатиялык бойкот жарыяланышы ыктымал экенин билдиришкен.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Видео: “Мир”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: