Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берди. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, отчеттук мезгилдеги Өкмөттүн ишиндеги жетишкендиктери, артыкчылыктары жана көйгөйлүү маселелери тууралуу баяндама жасады.
Ошондой эле Өкмөттүн мүчөлөрү Премьер-министр баш болуп парламентарийлердин суроолоруна жооп берди.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2017-жылдагы Өкмөттүн аткарган иши тууралуу отчетун канааттандырарлык деп таануу чечимин кабыл алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ