<Бүгүн, 20-июнда УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мурунку премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевге “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6- бөлүмүндө (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча айыбы тагылды. Бул тууралу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту бүгүн айыпка шектүү Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасын карап, аны тергөө аяктаганча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу тууралу чечим чыгарды.
Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ