Menu

Бекболот Талгарбеков: Башкы прокурордон Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоону суранам

Бөлүшүү:

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович!

Президент Сооронбай Жээнбеков жети айдан бери төрт негизги багытты аныктап, иш алып барууда. Алар – өлкөнүн тышкы мамилелерин чындоо, коррупцияга каршы күрөш, сот адилеттигин орнотуу жана аймактарды өнүктүрүү. Бул багыттар эң туура тандалганын турмуш ырастап, жалпы элдин колдоосуна алынып жатат. Жасалган иштерге кыскача токтололу: Жээнбеков мурдагы оолукма президент А.Атамбаев тамтыгын чыгарып, тирешүү абалына кептеген кыргыз-казак, кыргыз-түрк өлкө аралык мамилелерди кыска убакытта оңдоп, түз жолго салды. Ошондой эле Россия, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан менен мамилелерди жакшыртты. Демек, бул багыттагы аракеттер жемиштүү болууда. Коррупцияга каршы күрөштүн башында Жээнбеков өзү туруп, бекем саясый эркин көрсөтүүдө. Коррупция Акаев бийлиги тушунда туулуп, өспүрүмгө айланып, Бакиев бийлигинде эрезеге жетип, балбан баатырга айланып, кыргыз элинин башкы душманы болуп калган. Ал эми Атамбаев ал душман менен кучакташып «өбүшүп», жан досу кылып, мамлекеттин өзүн башкы коррупционерге айланткан. Анын башкаруусунда мамлекет жана коррупция бүтүн бир организм катары жашап калган. Эми аларды кайра ажыратуу үчүн серепчилер жазгандай, Жээнбеков грек мифиндеги Гераклдай баатырлык жасоого бел байлады. Ондогон ири, жүздөгөн кичи, орто коррупциялык иштердин бети ачылып, жемкорлор четинен камалууда. Аймактарды өнүктүрүү багыты боюнча иштер жаңы эле башталууда. Алар бир жылдын иши эмес. Бирок, жаңы өкмөттүн башына таза, иштерман жетекчи Мухаммедкалый Абылгазиевдин келиши коомчулукта үмүт жаратууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков аныктаган төрт багыттын бирөөндө гана – сот адилеттигин орнотууда абал Атамбаевдин жүзүкара, зомбулук идеология иш-аракеттеринин алкагында калууда. Муз тоңгон бойдон турат. Анча-мынча жылыштарды кол манжалары менен санасак болот: 1) президент Жээнбековдун Атамбаевдик сот системасынын ирип-чиригенин, соттордун көбү башкесерлерге, коррупционерлерге айланганын расмий жарыялашы; 2) коомчулуктун соттордун «кудайы» Манас Арабаевди үч-төрт ай тынымсыз сындап жатып араңдан зорго ордунан козгошу; 3) Жогорку Кеңеш да учурдагы сот тармагынын кадыр-баркын нөлгө теңеп, үч талапкерди Жогорку сотко өткөрбөй коюшу. Болду, башка жылыш жок. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева арамза президент кеткенин, анын ордуна элге ак кызмат өтөйүн деген президент келгенин билбеген-көрбөгөн киши болуп, Атамбаев тушундагы «реформа жүрүүдө» деген жөө жомокторду дагы эле токууда. Токбаева жаңы президенттин саясатын колдоп, колуна кол, бутуна бут болуп берүүнүн ордуна «тихий саботаж» жасап, Жогорку Кеңештин сотторго берген баасын каакы ордуна кербей, Бишкек шаардык жана райондук соттордогу «киллерлерди» калкалап, сот тармагынын тазалануу процессии бууп отурат. Анын «реформасынын» өзөгүн мурда Атамбаев имараттарды ондоо-жасалгалоого бөлдүргөн акча түзсө, эми Жээнбеков соттордун айлыгын бир нече эсеге көтөрүп бериши керек экен. Сот адилеттигин орнотуу, тармакты чырмооктой каптаган коррупциядан тазалоо боюнча сөз да, иш да жок. Айнаш айым Жээнбековго «сизге жана кыргыз элине жакшылыгым ушул болсун» деп төрайымдыктан ез ыктыяры менен кетсе жаңы жетекчи чыныгы өзгөрүүлөргө жол ачаар беле?!

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович!

Келтирген себептен улам, Жогорку соттун төрайымына эмес, сизге кайрылууну чечтим. Бизди, «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин беш мүчөсүн Атамбаевдин кылмыштуу бандасы 2016-жылы камап, узак мөөнөттөргө соттотуп жиберген. Алар бизди «реабилитация болгуча түрмөдө өлүп калышаар» деген таттуу кыял, үмүттө болушкан. Бирок, бийлик алмашып, заман өзгөрүп, чындык ачыкталмай болду. Ошол чындыктын башында президент Жээнбековдун саясатын активдүү колдоп жаткан сиз туруп берсеңиз. Анүстүнө сиздин Жогорку Кеңеште «ар бир камалган адамдын артында үй-бүлө, туугандары турат. Алар азап чегип, сыздап-боздошот. Ошондуктан камоо, соттоо абдан калыс, адилет болушу керек» деген сөзүңүз бизге чоң үмүт жаратты. Биздин камалуу, соттолуу жагдайларга кыскача токтолоюн.

Биздин бирикме 2016-жылдын 12-апрелинде түзүлгөн. Ал 105 мүчөдөн турган жана катарына бийликтин да, оппозициянын да адамдары кирген эмес. Биздин максат – өлкөдөгү курч маселелерди көтөрүү болчу. Алгач көп маселелерди талкуулап, өлкөбүздүн өсүп-өнүкпөй, артка кетип жатканынын башкы себебин аныктадык. Ал – президент Алмазбек Атамбаевдин элге, мамлекетке карата тоодой кыянатчылык саясаты жана иш-аракети эле. Ал учурда Атамбаев маалымат айдыңында үстөмдүк орнотуп, өзүн ай-күнгө теңете мактатып турган. Анын толгон-токой ыплас иштери жаап-жашырылып келген. Бизге Россиядагы генералдар, мурдагы жердештерибиз (Бахтияр Алиев ж.б.) чоң жардам берип, Атамбаевдин ири коррупциялык долбоорлору боюнча көптөгөн маалымат беришкен. Биз алгач маалымат жыйынын уюштуруп, кыргыз-орус бийлик мамилесин коррупцияга матырган эки адамдын ысымын атаганбыз. Биринчиси – Россия ФСБсынын башкармалык жетекчиси, генерал-полковник Сергей Беседа. Экинчиси – ошол кездеги КР УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев болчу. Биздин билдирүүгө орус бийлиги реакция жасап, бир жумадан кийин Беседа жумуштан кеткен. Президент Атамбаев сүймөнчүк кадры  боюнча үн каткан жок. Кийин Москвадагы генерал жердештерибиз Кыргызстандын бюджетине суук колдорун салышып, ири өлчөмдө акча жеп жатышкан Атамбаевдин достору – Россия бажы кызматынын жетекчиси А.Бельяниновдун, «Русгидро» компаниясынын башчысы Е.Доддун үстүнөн кылмыш иштерин ачтырышкан. Эске салсак, 2013-2017-жылдар үчүн Атамбаевдин демилгеси менен «Өнүгүү стратегиясы» деп аталган мамлекеттик программа кабыл алынган. Ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев «76 долбоордун автору президент Атамбаев жеке өзү» деп расмий билдирүү жасаган. Аны юридикалык тилге которсок: «Атамбаев – мамлекеттик деңгээлдеги кылмышкер!» деген билдирүү болгон. Анткени, андагы КР Башмыйзамына ылайык, өлкө парламенттик республика деп жарыяланып, президенттин экономикага, аткаруу бийлигинин иш-аракеттерине кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Бирок, мыйзамды тебелеп-тепсеп, ага какырып-түкүргөнгө маш болуп бүткөн Атамбаев ал жөнүндө ойлоп да койгон эмес. Ошол 76 долбоордун көбү кагазда эле калды. Ал эми калганы чылкый коррупцияга баткан долбоорлор. Алардын ичинен эми гана ызы-чуу жаратып жаткан долбоорлорду (Бишкек ТЭЦин оңдоо, «Датка-Кемин» ЛЭПти куруу, Бишкек-Ош экинчи жолун салуу) биз эки жыл мурда эле көтөрүп, Атамбаевдин ыплас, кыянат иштерин токтотууну көздөгөнбүз. Россиялык генералдар ал ууру долбоорлордон тышкары Түркияга ташылып кеткен 3 тонна алтын, «Иркештам», «Жерүй» кендерин итбекерге сатуу, каргашалуу июнь окуяларын (2010-ж.) уюштуруу, кримтөбөл Батукаевди бошотуу ж.б. Атамбаевдин ири уурулук, бузукулук иштери боюнча да бизге маалымат беришкен.

Россиядагы генералдар менин «Атамбаев миң жылда бир келчү кырсык» деген маегимдеги жүйөлөрдү туура деп табышып, бирок, менин аныктамама түзөтүү пикир айтышкан. Алар: «Кыргызстандын 2200 жылдык тарыхында Атамбаевден башка элге, жерге, мамлекетке зор кыянат, кесепет алып келген кыргыз болгон эмес, болбойт дагы» деген бекем ишенимге келип, аны көптөгөн фактылар менен бекемдөө иштерин тынымсыз жүргүзөрүн билдиришкен. Ошондой эле генерал досторубуздун Атамбаевдин «кыргыз деген улут болбош керек» деген президенттикке талапкерлик программасына (2011-ж.) жана анын кийин мамкаттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашевди кыстап, паспорттон «улуту» деген графаны алдыртып салганына кыжырлары чексиз болчу. Ошентип эгер «Элдик парламент» бирикмеси ишин уланта берсе, анда өзүнүн чыныгы жүзү ачыкталып жана былыкчылык иштери чубап чыга берерине көзү жеткен Атамбаев бизди каматып, соттотуп гана агездеги жагдайды жөнгө саларына көзү жетет. Ошол кездеги жасоолдору, УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин, башпрокурор Индира Жолдубаеванын колдору менен өз максатын жүзөгө ашыра алды. Бизди каматууга бир гана сексоттун «мага Талгарбеков бийликти күч менен басып алабыз деп айткан» деген эч далилсиз жалаа сөзү жетиштүү болду. Тергөө учурунда толгон-токой жалган, жасалма айыптарды мойнубузга илип, ишти чампалап сотко өткөрүштү. Өздөрү кылмыш ишке барганын сонун билген Сегизбаев соттук териштирүүнү жабык өткөрүү боюнча чечим чыгарган. Биринчи Май райондук соту Мирлан Термечиков «мыйзамыңды билбейм, мага Сегизбаевдин чечими жетиштүү» деп сотту жабык өткөздү. Соттолуучулар ага «супер киллер» деген кличканы беришкен экен, ал буйрукту жүз пайызга аткарды. Сотто УКМК күбөгө тарткан 65 адамдын 64ү биздин актыгыбызды далилдеп беришти. Алардын ичинде жыйырмадай адам мурдагы спикер, өкмөт башчы, ЖК депутаттары, министр, губернаторлор, дагы жыйырмадай адам генерал, полковниктер, илимпоздор, калганы дарыгерлер, мугалим, ишкерлер. Бирок, Термечиков алардын баарын «келжиректер» деп эсептеп, жалгыз сексоттун «баалуу» көрсөтмөсүн сот чечиминин негизи кылып, бизди узак мөөнөткө соттоду.

Анын жомогуна ишенсек, бирикмедеги 105 адамдын ичинен экөөбүз гана (мен жана Т.Колубаев) бийликти күч менен басып алмак экенбиз. Калган 103 мүчө эч нерсе билбей-сезбей жүргөн имиш. Экөөбүздө боевиктер тобу, курал-жарак, акча жана башка каражаттар болбосо, анда бийликти кантип басып алабыз? Бул абсурд эмеспи! Дагы бир жагдай. Биз Термечиковдон «кайсы бийликти басып алмакпыз?» деп сурадык. Себеби, КР Конституциясына ылайык, мамлекеттик бийлик үч бутакка бөлүнөт. Алар аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтери. Анда Колубаев экөөбүз кайсы бийликти басып алмакпыз? Өкмөттүбү, Жогорку Кеңештиби же Жогорку соттубу? Көрсө, Термечиковдун терен, ишениминде «мамлекеттик бийлик – бул Атамбаев» экен. Аны сындасаң, демек, бийликти басып алууну көздөгөнсүң. Мына «супер киллердин» ириңдеп кеткен ой жүгүртүсү, «беспредел» чечими. Ошондой эле Термечиков Сегизбаевдин «запасной варианты» болгон «регион аралык мамилелерди козутуу» беренеси боюнча бизге кылмыш иши козголбосо да, сот практикасына «жаңылык» киргизип, үчөөбүздү (мени, Т.Колубаевди, М.Султановду) 5 жылдан кошумча соттоп салды. «Супер киллердин» мыйзамды алгач зордуктап, анан муунтуп өлтүргөн иш-аракети боюнча өзүнчө кылмыш иши ачылышы зарыл. Ошондой эле прокурор Элмира Жумашеванын биздин соттук иш боюнча бир ооз сөз далил келтирбей туруп, бешөөбүздү 120 жылга соттоо суранычын да териштирүү керек. Ар бирибизге орточо 24 жылдан экен. Биздин түрмөдө өлүүбүздү көксөптүр. Биз аны карап, «бул аял бирөөнүн кызы болгонбу, үй-бүлө күткөнбү, бала жытын жыттаганбы же мансап үчүн гана жаралган, башка планетадан түшкөн мутант-гуманоидби?» деп таңкалдык.

Мына, 2010-жылдагы апрель окуясында өлгөн жана жарадар болгон жигиттердин ата-энелеринин, ошол эле жылдагы каргашалуу июнь жаңжалында каза тапкан жарандардын үй-бүлөлөрүнүн, Россия, Казакстанда тентип, азап чегип, айрымдары өлүп жаткан мигрант боордоштордун, коррупциянын гүлдөшүнөн жакырчылыкта жашап жаткан атуулдарыбыздын, ошондой эле биздин, саясый туткундардын үй-бүлөө, туугандарынын мультимиллионер Алмазбек Атамбаевдин дарегине жети жылдан бери айтылып келе жаткан каргыштары акыры материализация болуп, соңку учурда анын чыныгы жүзү жалпы кыргыз элине ашкереленип, «арамза», «жексур», «ууру» аталып, эң жакын жан-жөөкөрлөрү камалып, качып, эми андай тагдыр өз башына келер мезгил бышып калды. Ал эми Сегизбаев, Жолдубаева, Термечиков, Жумашева, Момуналиев сыяктуу «жасоол-башкесерлер» учурда баштарын катып, алардын дарегине акыркы эки-үч жыл тынымсыз айтылып келаткан миңдеген үй-бүлөө, он миңдеген алардын туугандарынын каргыштары «материализация болбой калаар?» деген арам ойдо бөгүп жатышат. Жок андай болбойт! Кудайдын, жаратылыштын улуу мыйзамдары силердин буйлаланган, акчага оролгон «мыйзамыңардан» актыгы, адилеттүүлүгү, калыстыгы менен айырмаланат. Ал улуу мыйзамдар эртели-кеч сөзсүз орнотулат.

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович!

Сизден «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин беш мүчөсү камалып, соттолушу боюнча кылмыш ишин ачууну суранам. Эгерде бул ишти толук, акыйкат териштирсеңиз, анда алдыдагы сот реформасына анык жол чабат элеңиз. Ал териштирүүнүн жыйынтыгында сизге Абдил Сегизбаевди, Индира Жолдубаеваны, Мирлан Термечиковду, Элмира Жумашеваны, Адис Момуналиевди сот жообуна тартуу негизи түзүлөт. Биринчи кезекте, УКМКнын сот процессии жабык өткөрүү боюнча мыйзамсыз чечимин жокко чыгарсаңыз. Анткени, бешөөбүз тең 2016-жылы мамкызматта турган эмеспиз. Бизде эч кандай мамлекеттик сыр алып жүрүү милдети болбогон. Соттук иште Атамбаевдин банда мүчөлөрүнүн кылмыш иш-аракеттеринен башка коомчулуктан жашыра турган эч нерсе жок. Андан соң коомчулукта ачык-айкын териштирүү жүргүзсөңүз. Ал үчүн коомдук комиссия түзүп , ага белгилүү мамлекеттик ишмерлерди (мисалы,  М.Шеримкулов, Н.Касиев, Ф.Кулов, А.Эркебаев, К.Осмонов, М.Чолпонбаев, Ж.Жоробеков, К.Дүйшөбаев, Б.Наргозуев ж.б.), укук коргоочуларды (Турсунбек Акун, Б.Аманбаев, Р.Карасартова ж.б.), мекенчил жаштарды (А.Турдукулов, А.Айтикеев, Т.Саралаев, М.Аскарбеков ж.б.) коштурсаңыз жакшы болоор эле.

Сиздин көңүлүңүздү алдын ала бурар бир кызык жагдай бар. Бизге токулган 8 томду өзүбүз анализдеп көрдүк. Алгач «УКМК тергөөчүлөрү деңгээли төмөн, ишти чала-була бүтүргөн кызматкерлер экен» деген ойго келгенбиз. Бирок, терең анализдеп көрсөк, тескерисинче, тергөөчүлөр бизге козголгон иш жүз пайыз саясый куугунтук экенин ошондо эле таамай билип-түшүнүшүп, аргасыздан «кыргыз Ежову» атыккан Сегизбаевдин зомбу буйругун аткарууга мажбур болушуп, ошол эле убакта «ички протест» кылышып, көп маселелерди келечекте биздин пайдабызга чечиле тургандай жасашыптыр. Мисалдарды келтирейин. «Элдик парламеттин» кыргыз элине кайрылуусу гезитке жарыяланган. Ал эми УКМК тергөөчүлөрү жасалма, каталарга жык толгон биздин «кайрылууну» жасашып, ага терс корутунду чыгартышкан. Эмне аны билбей жасашканбы? Мүмкүн эмес. Экинчиси, менин уулумдун компьютерине «Талгарбековдун Акаевге жазган каты» деген жасалма документ орноштурушат. Бирок анда «Кыргызстанда бийликти күч менен басып алуу – кылмыш» деген бүтүм жүрөт. Эгер тергөөчүлөр бизге жан тартпаса, анда «бийликти басып алабыз» деген кат орнотмок да?! Үчүнчүсү, тергөөчүлөр менин «Атамбаев – миң жылда бир келчү кырсык» деген маегимди да экспертизага беришет. «Эксперттер» «ал маекте мыйзамды бузган эч факты жок” деп корутунду чыгарышат.

Аны көрүп-билип туруп, УКМК тергөөчүлөрү аны соттук иште калтырып коюшкан. Ал казусту байкабай калган «супер киллер» Термечиков Сегизбаевге жагынуу үчүн ошол маектеги Атамбаевдин сөздөрү үчүн үчөөбүздү беш жылдан соттоп жатпайбы! Төртүнчүсү, күбө катары суралган 65 адамды да УКМК тергөөчүлөрү тандашкан. Бирок, ал күбөлөр тергөө учурунда эле бизди жакташкан. Тергөөчүлөр билмексенге салып, аларды айыптоочу күбөлөрдүн катарынан чийишкен эмес. Мындай фактылар 8 томдо толтура. Ошол себептен, келечектеги соттук териштирүүдө биз УКМК тергөөчүлөрүн коргоп чыгабыз. Албетте, Сегизбаев жетекчиликте турганда бул фактыларды ачыктай алмак эмеспиз. УКМКнын азыркы жетекчиси Идрис Кадыркулов туура түшүнүп, адилеттик үчүн абийирин сатпаган кызматкерлерин куугунтукка албайт деп ишенебиз.

Урматтуу Өткүрбек Асылбекович!

Учурдагы коррупцияга каршы масштабдуу күрөштө ар бир мекенчил жарандын президентке жана сизге көмөк көрсөтүүсү ыйык милдет деп эсептейм. Мен жана Торобай Колубаев экөөбүз эки-үч жыл мурда эле Россиядагы генерал жердештер менен бирге Кыргызстандагы ири коррупциялык иштерди изилдеп, көп маалыматка ээ болгондуктан, азыркы кытай кредитгери боюнча билгенимди сиз менен бөлүшүүнү туура көрүп турам. Балким кандайдыр бир деңгээлде сизге жардам болоор.

Өткөн бийлик тушунда өлкөбүз Кытайдан 1 миллиард 700 миллион доллар өлчөмүндө кредит алган. Болжол менен анын 700 миллион доллары бизге энергетика жана жол тармактарына реалдуу келген жана сарпталган. Ал эми калган 1 миллиард доллар экиге бөлүнгөн. Жарымын кытайлык компаниялардын айрым шылуундары жеп алышкан (ал жеп-ичүүгө кытай бийлигинин тиешеси жок). Ал эми экинчи бөлүгүн, 500 миллион долларды кыргыздын бир эле ажыдаары «оптом» чөнтөгүнө салган. Ошол себептен, учурда кытай кредиттери ири суммада күм-жам болгону ачыкталса да кимдер, канча өлчөмдө жегени белгисиз калууда. Кыргыз ажыдаарына 500 миллион долларды сугунтуп, оозун тигип койгондон кийин кытай шылуундары эч нерседен коркпой-үркпөй, билген «намаздарын» окушуп, кыргыз тарапка маалыматты чектеп, биздин аткаминерлерге буйрук гана беришип, Бишкек ТЭЦин ондоо, «Датка-Кемин» ЛЭПти куруу, Бишкек-Ош жолун салууда колдонулган материал, шаймандардын баасын, жасаган иштерин, акыл үйрөткөндөрүн 50-100 эсеге жогору көрсөтүп, каалашынча чартаңбай тебишкен. Эми биз ал шылуундарды жоопко тарта алабызбы? Эч мүмкүнчүлүк жок. Алар “ажыдаардан эң сонун «брондолгон иммунитет» алып алышкан. Учурда кытай кредиттери боюнча он бештей жетекчилер УКМК СИЗОсуна киргизилип, дагы ошончосу шектелүүдө. Бирок, ошол отуздай адам ажыдаарга көмөк көрсөткөндөр эле. Алардын бирин да, биз алган маалыматтарга  ылайык, «коррупционер, кытай кредитин жеген» деп атоого болбойт. Мисалы, Сапар Исаков жегенби? Жок, ал үчүн акча эмес, саясый карьера маанилүү болгон. Осмонбек Артыкбаев жегенби? Жок, ал мурда эле ийгиликтүү ишкер болчу. Салайдин Авазов жегенби? Жок, мен аны жакшы билем. Ал атактуу энергетик Эргеш Төрөбаевден таалим алган, жаштайынан мекенчил, эмгекчил, таза иштеген инсан. Бирок, сиз, урматтуу Өткүрбек Асылбекович, Исаковду жана Артыкбаевди каматканыңыз абдан туура болду. Эмне себептен? Анткени, 500 миллион долларды жеке сугунуп койгон ажыдаардын атын жалгыз гана Исаков далилдүү этап бере алат. Атагысы келбесе өзүнүн эле шору болот! Эмне себептен Артыкбаевдин камалганы туура болду? Анткени, ошол шектелген отуздай жетекчилердин ичинен бүгүнкү күндө жалгыз гана Осмонбек мырза ойкутуп-кайкытып сүйлөбөй, тайсалдабай, болгон чындыкты айтууга бел байлады. Эгер ал эркиндикте жүрсө, балким, анын көзүн тазалап коюшмак. Сиз анын өмүрүн сактап калдыңыз деген ишенимдемин. Биздин маалымат боюнча, дагы эки ири жетекчи, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Темир Сариев да кытай кредитин жегенге тиешелери жок. Алар ажыдаардын атын жакшы билишет, бирок, таасын далилдеп бере алышпайт. Ажыдаар аларга ишенген эмес. Эгер бул экөөнү да камоо чечимин алсаңыз, ал натыйжа бербейт, популисттик чечим болуп калышы ыктымал. Мен да УКМК СИЗОсунда жатып чыктым. Ал жерде интернет, телевизор жок болгону менен гезит, радио бар, маалымат жетишерлик. Менин жогоруда кытай кредити боюнча айткан версиям СИЗОдогу азыркы жетекчилерге да жетет. Эгерде алардын бироо (мисалы, Исаков, Артыкбаев, Калиев ж.б.) «сиз туура эмес маалымат айтып жатасыз» десе, анда каршы пикирди угууга даярмын. Эч ким үндөбөсө, демек, алар мени менен макул деген жыйынтыкка келем. Кошумча айтсам, ошол камактагы он бештей адамдын жүздөгөн үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары учурда азап чегип жатышат. Ал абал качанга дейре созулат, белгисиз. Ошондуктан, сиз Сапар Исаков менен сүйлөшсөңүз деген сунушум бар. Ал ажыдаарды көндүрсө. Макулдашуу келишими түзүлүп, ажыдаар кытай кредитин жабуу үчүн өз байлыгынан 1 миллиард доллар төлөп берсе. Анда кыргыз эли олчойгон тышкы карыздан жеңилдеп калат эле. Отуздай жетекчиге козголгон кылмыш иши токтотулса. Анткени, алардын тагдырын дагы эле күжүлдөп иштеп жаткан Атамбаевдин арамза, зомбу сот системасына, Жээнбековдун жети айында да ордунан козголбогон андагы коррупционер, «киллер», «мутант-гуманоиддерге» тапшырууга болобу? Кудай сактасын! Ал эми ажыдаар коррупция беренеси боюнча 20 жылга соттолуп, бирок ал 1 миллиард доллар төлөгөнү үчүн ага дароо амнистия берилсе. Эгер бул иштер аткарылса, анда президент Жээнбековдун колу бошоп, күч-кубатын сот тармагына багыттого мүмкүнчүлүк алаар эле.

Молдовановка айылы, 18-июнь, 2018-жыл

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: