Menu

Кыйындар берген баа: Сиз Бекен Назаралиевди кандай журналист деп эсептейсиз?

Бөлүшүү:

Үч президентти кызмат учурунда сындап, кызматтан кеткенден кийин бетме-бет олтуруп маек алып, чындыкты чыгарган жалгыз журналист – Бекен Назаралиев

Исмаил Исаков, мурунку Коргоо министри, генерал-лейтенант: «Бекен трайбалист, бакиевчил болсо Бакиевдин учурунда чоң кызматка бармак»

– Мен Бекен Назаралиевди көп жылдардан бери жакшы билем. Бүгүн Бекенге ар кандай дооматтарды коюп, четке чыгарганга аракет кылып жатышканын байкадым. Албетте, муну азыркы президенттин каршылаштары жасап жатат. Бекендин гезити абдан курч, элдин жүрөгүндө көптөн бери орун алып, көпчүлүк айта албай келген маселелерди көтөрүп жаткандыктан, беркилерге аябай катуу тийип, айласы кеткендиктен Бекенге асыла башташыптыр. Бекен трайбалист, бакиевчил болсо Бакиевдин учурунда чоң кызматка бармак. Бакиевди дагы шибеге менен сайгандай кылып ачуу чындыкты жазган Бекен болгон. Асылып жаткандар унутуп калган болсо Бекендин ошол макаласын таап окуп коюшса болот. Бүгүнкү күнгө чейин туура жолунан тайбай келатканы ага аброй алып келүүдө. Ага асылып жаткандар күчтүү, таланттуу, тайманбаган, өзүнүн позициясын бекем сактаган журналистти четке чыгарып алсак, калгандарын бат эле талкалап коёбуз деген ойдо аракет кылып жатышат. Алардын дооматы суу кечпейт, Бекенге ал доомат жукпайт. Бекен Акаевди президент учурунда сындаса, ал кызматтан кеткенден кийин кек сактабай андан маек алып келип чыгарды. Бакиевди алгач колдосо, кийин ачуу чындыкты гезити аркылуу айтып жаман көрүнсө да андан барып интервью алып келди. Отунбаеваны сындап жүрүп, кызматтан кеткенден кийин анын да чындыгын маек аркылуу жарыялады. Үч президентти кызмат учурунда сындап, кызматтан кеткенден кийин бетме-бет олтуруп маек алып, чындыкты чыгарган жалгыз журналист Бекен Назаралиев. Бекенди трайбалист деп асылганы эле алардын деңгээлинин төмөндүгү. Элди бөлүп-жарып, кайрадан бийликке келсек дегендердин аракеттеринин башталышы.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: «Жүрөгү кыргыз деп соккон инсан, мыкты журналист экенин тана албайм»

– Жумурткадан кыр издегендер ар кандай нерсени өз деңгээлине жараша ойлошуп, ар кимге ар кандай сөздөрдү жабыштыра беришери чындык. Бекен Назаралиевдей патриот, кыргызга күйгөн, чындыкты-чындыктай айткан журналисттер коомубузда жокко эсе. Бекендин деңгээлине тең келе албаган журналисттер, ага биринчи ирет асылып жатышкан жок.  Мен Бекенди канча жылдан бери билем. Жүрөгү кыргыз деп соккон инсан, мыкты журналист экенин тана албайм. Ошондуктан кээ бир маалымат айдыңында жазылган макалаларды окуп алып бир эсе таң калсам, бир чети күлкүм келди. Оозуна алы жетпегендер ар кандай ярлыктарды тага берет. Андайларга маани берип кереги жок.

Бакыт Карагулов: Кыргыз эл артисти, «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт…»

– Бекенди трайбалист деп атоо – бул теңирден тескери, кишинин күлкїсүн келтирген келжиректик. Антип айтуу эркекчиликке да жатпайт. Чындыкты, коомдун кызыкчылыгын колдогон адилет фактылардын негизинде жазса эле трайбалист болуп калат бекен? “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, минтип көө сүртүп, чындыкка дал келбеген пикирди таратуу атамбаевчилердин гана колунан келет. Анчалык экен, Атамбаев эмне үчүн мурда антип айткан эмес? Чыркыраган чындыкты жазган журналисттерди бутка тебе берсек, эртең эмне болот?

Бекен өз жолунан тайбаган, принципиалдуу инсан жана журналист. Президент Жээнбековдун учурда аткарып жаткан, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон, коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы чечкиндүү иштерин гезитке чагылдырса, ал Атамбаевге, албетте, жакпайт. Анын гезити ар кайсы күчтөргө токмок болуп берген айрым басылмалардай кызыкчылыктардын куралы эмес. “Жаңы Ордо”, менимче, элдин кызыкчылыгын чагылдырган жалгыз гезит. Ошондуктан, аны эл кызыгып окуйт.

Убагында Курманбек Бакиевге ини болуп жүрүп: “сиз Акаевге окшоп качып кетпей, кызматтан кеткениңизден кийин небереңизди жетелеп, Дзержинский бульварында ээн-эркин басып жүргүдөй болуп иштешиңиз керек” деген сөздү Бекенден башка ким айта алды? Анын бул сөздөрү көпчүлүктүн эсинде.

Мындан 16-17 жыл мурда Акаев “Ордо” (Бекендин мурдакы гезити) гезитин зомбулукка салып сотко берип, олчойгон акчалай айыпка жыгып, жаптырып салганы чындык. Ага карабастан, Акаевдин башына мүшкүл түшкөндө колдоого алды…

“Жаңы Ордо” чыркыраган чындыктын, чыныгы мекенчилдиктин трибунасы. Бекендин гезити – Бекендин жүзү.

Аликбек Жекшенкулов, мурунку Тышкы иштер министри: «Бекенди кыргызга күйгөн патриот жигит деп эсептейм»

– Бекен Назаралиев мен бийликте жүргөндө дагы, кийин оппозицияга өткөнүмдө, азыр көз карандысыз саясатчы болуп өз пикиримди эркин айтып жүргөнүмдө дагы мага болгон көз карашын өзгөрткөн эмес. Башында эле кандай болсок, азыркы кезге чейин ошол бойдон адамдык мамиледе болуп келатабыз. Анда трайбалисттик түшүнүк жок. Көз карашты шартка жараша өзгөртө бербеген туруктуу жигит. Бекенди кыргызга күйгөн патриот жигит деп эсептейм. Менин саясий турмушумда дагы оош-кыйыш күндөр өткөн. Ошондо дагы калыс пикирин билдирип, акты-ак, караны-кара деп айтып келген. Бекенге трайбалист дегенди жабыштырган болбогон кеп. Бекен азыркы күнгө чейин адилеттүүлүктөн тайбай келатат. Ким биринчи бирөөгө трайбалист деп доомат такса, биринчи кезекте доомат койгон адамдын өзү трайбалист.

Топчубек Тургуналиев, коомдук-саясий ишмер: «Бекен Сооронбай Жээнбековду колдоп койсо эле трайбалист болуп калабы?»

– Бекен Назаралиевди трайбалист,  бакиевчи деп айтууга негиз жок. Аны билбегендер ошентип айтышы мүмкүн.  Трайбалист, жердешчил деген нерсе таптакыр башка түшүнүк. Бакиевди алгач миллиондогон адамдар колдогон. Мен да колдогом. Бекен Сооронбай Жээнбековду колдоп койсо эле трайбалист болуп калабы? Керек болсо Сооронбайды миллиондогон адам колдоп, президент болуп шайланып келбедиби. Аны кантип тана алабыз. Бекен өзү мыкты журналист, өзүнүн пикири бар. “Жаңы Ордо” гезитин түптөп, гезити көп жылдан бери ак- караны ажырата билген гезит катары элге алынганы да чындык.  Бекенди трайбалист деп айтып жаткандардын Бекенге каршы бир балээси бар, ошон үчүн жазып жатат го дейм. Учурда кээ бир журналисттер сөз эркиндигин тилекке каршы чексиз ойлоп, кээде демократияны анархияга айландырып,  ал эми сөз эркиндигин болсо шалтай-малтайга теңеп жаткандыгы көңүлдү иренжитет.

А.Калыкова

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: