Menu

Чотбаев Кадырбек, Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары: Көчөгө чыгып алып башаламан соода кылып, элге ыңгайсыздык жаратышат

Бөлүшүү:

– Кадырбек Каныбекович, «Булак», «Береке» базарынын жанында соода кылгандар «Токмок мэриясы шарт түзүп бербестен, куугунтуктап иштетпей жатат» дешип нааразы болуп жатышат. Сиздер чындап элге каршы иш жүргүзүп жатасыздарбы?

– Нааразы болуп ар кайсы жакка арыздангандар – көчөгө чейин чыгып алып башаламан соода-сатык кылып, элге ыңгайсыздык жараткандар. Бул маселе көп жылдан берки көйгөй болуп келген. Базардын ичинде кийим сатабы, нан сатабы, тамеки сатабы орун көп. «Булак» базары бош орундар бар, беребиз деп эле жатышат.

– Сатуучулар киши барбай турган жердей орун берип коюшту. Үч ай ижара акысын албайт дешкен, бирок алып жатышат деп айтып жатышпайбы?

– Эми алар сүйлөй беришет да. Алардын ою боюнча баары бекер болуш керек. Жеке менчик базар болгондон кийин аларга «бекер орун бергиле» деп талап коё албайбыз.

– Нааразы тарап «Булак» базарынын жанындагы «Береке» базары муниципалдык экенин, бирок сиздер ал жактан орунду жалаң тааныштарыңыздарга берип салганыңыздарды айтышты…

– Негизи майда-барат соода-сатык кылгандар кечеге чейин чыгып, элдер базарга кире алышпай, башала-мандык болуп кеткен. «Береке» салынгандан кийин биз ошол көчөдө тургандардын баарынын тизмесин түзүп, базардан орун бердик. Ал эми нааразы болуп жаткандар жаңы келгендер менен нан саткандар. Нанды базардын оозуна туруп алып сатат болчубуз деп догурунуп жатышат. Бир-эки кишинин кызыкчылыгы үчүн миңдеген кишиге тоскоолдук жаралбаш керек да. Биз баары бир уруксат бербейбиз. Нан саткандарга жолдун ортосуна кантип контейнер коюп бермек элек.

– Нааразы болгон сатуучулар «Биз тротуарга чыкпай эле соода кылып келгенбиз, бизди кууп салып, «МегаКом», «Билайн», «О» компанияларына, «Шоро», «Квас» саткандарга биздин орундарыбызды алып берип коюшту. Насыяларыбызды төлөй албай жатабыз, бизди күчкө салып кууп кыянаттык кылбай эле коюшса болмок» – деп айтышты…

– Алар сезон учурунда гана соода кылгандар. Булардай болуп «наглый» эмес. Анын үстүнө келишим түзүп иштеп жатышат. Санитардык нормаларды бузушкан жок. Насыяларыбызды төлөй албай жатабыз деп жен эле айтып жатышат. Кудайга шүгүр эле. Көтөргөн телефондору меникинен кымбат. Мен канча килограмм, алар канча килограмм көрдүңөрбү? Аман эле болушсун…

– Сатуучулар деле келишим менен айына 800-1000 сом төлөшчү турбайбы?

– Мен Токмок шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп келген учурда келишимибиз бар дешкен. Бирок келишим боюнча 2012-2013-жылдардан бери эле эч ким төлөшкөн эмес. Мен анан келишимдин мөөнөтү мурун эле бүткөнүн айтып, мындан ары иштешпейбиз, киши өткөн жерге жерлерге турбагыла деп айткам. Мындан ары катуу, мыйзам алкагында чара көрөбүз.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: