Menu

Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу – президенттик аппараттын чабалдыгын көрсөттү

Бөлүшүү:

Көптөн бери күткөн Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңешке кайрылуусу көпчүлүккө таңкалууну жаратты. «Атамбаевдин туңгуюк жолун улабайбыз» деп жаңы жолду көрсөтөрүнө ишенбедик беле? Чечкиндүү реформаларды, олуттуу демилгелерди жарыяласа не? Үмүттөрүбүз өчөбү? Коё туралычы?..

Кызык, сөзүнүн башында эле Жээнбеков «баарын кыйратып атабыз, энергетиканы оңдоп койдук, жолдорду салып атабыз…» деп көпчүлүктү шектендирди. Элдин баары кредиттердин миллиарддап уурдалганын талкуулап бүтө албай жатышса, мамлекет башчыбыз аны кантип айтты?.. Андан кийин 77 жолу «керек, абзел, муктаж, тийиш» сыяктуу сөздөрдү пайдаланып, баягы эле баардыгыбызга белгилүү көйгөйлөрдү санап өттү. Тиги «административдик-территориалдык реформаны мөөнөтүмдүн аягына чейин ишке ашырам» дегенин эсепке албасак, бир дагы жаңы демилге, конкреттүү сунуш же тапшырма коюлганын көргөн жокпуз. Президенттин аппараты өтө чабал иштеп атканын, программалык идеялардын жок экенин далили болду кечээ күнкү кайрылуу. Кыргызча айтканда, «движение кылыш керек» дегендей эле кыялдануу. Орусча гезиттер шылдыңдап фельетон жазып чыккандай, Буюрсакудай Зарылкерековдун «Трава должна быть зеленой!» деп эсте кала турган болду Сокебиздин кайрылуусу. Мурда Сапар менен шопур топтогон Нарсулуу, Миралардан аппаратын тазалап, Атамбаевдин иштебеген эски программаларынан баш тартып, жаңыча ой жүгүртпөсө, Жээнбековдун мотору от албай эле токтоп калчудай болуп калды. «Коррупция менен күрөшүп атам» деп бир айтат, дагы алаксытат, бирок, эртеби-кечпи элдин курсагын тойгузуш керек да?! Жашообуздун оңолгонун күндөлүк турмушубуздан көрбөйлүбү?..

Ток этери, түпкүлүгүндө Сооронбай Шариповичтин эл жүгүн аркалоого, мамлекетти саздан чыгарууга, өнүктүрүүгө ниети бар. Бирок, командасы шалтурук, иш билбеген жайылма мүнөздөр болуп атса, кайдагы өсүүнү айтабыз? Азыр да кеч эмес, кадрлар баарын чечет… Профессионал, терең билим-тажрыйбага ээ сергек адистерди айланасына топтобосо, өкмөттү жаңылабаса, эртең кеч болуп калбайбы?.. Эл карап турат…

Тайлак Назымов

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: