– Каныбек мырза, президент Сооронбай Жээнбековдун парламентке келип кайрылуу жасаганынан кандай тыянак чыгардыңыз? Дегеле анын Жогорку Кеңешке келип кайрылуу жасаганга Башмыйзамда укугу бар беле?
– Президенттин парламентке келгени жакшы болду. 5-чакырылыштагы парламентти андагы президент Атамбаев бийликтин бир бутагы катары кароодон жийиркенчү. Сооронбай Жээнбековдун окуган тексти дагы жакшы түзүлүптүр. Мага жакты. Бирок, ал парламентке, элге президенттик кайрылуу жасадыбы же парламенттин каникулга тараар алдындагы сөзү, каалоосу эле болдубу? Канткен күндө дагы парламентарийлерге келип, алардын трибунасы аркылуу элге кайрылып турганы оң! Эми өкмөт менен күч органдары ыкчам кыймылдап иштеп беришсе!
Калыгул Бейшекеев
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ