«Кыңыр иш кырк жылда билинет» дейт элибиз. Азыркы технологиялар заманында уурулук тез эле ашкере болот. Мамлекеттин укуругу узун. Жооп берчүкүн келерине эч кимдин күмөнү болбосун!» деп президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында кайрылуу жасап жатып айтты.
Өлкө башчысы аткаминерлердин тапкан кирешелерин текшерүү жакында баштала турганын билдирди. «1-июлдан баштап президенттик аппараггын, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, сот жана укук коргоо органдарынын декларацияларын текшерүү башталат. Бул коррупцияга карты кадамдын олуттуу компоненти. Ар бир аткаминер таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешесине жараша жашасын. Жакындарына жаздырып, мыйзамсыз байлыгын жашыргандардын чыгымы ачык болуп, аткаминердин таза иштөөсүн камсыз кылчу механизмдерди киргизүү зарыл» деди президент.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ