Билим жана Илим министри Кудайбердиева деген куураткырды иштен алууга эч кимди алы жетпей койду. Буга чейин анын кетирген кемчиликтери, каталары, шакмарлары тууралуу канча жолу айтылды, жазылды. Жыйынтык жок. Анын бир-эки ката болсо эч нерсе болбойт дегени, жаңы окуу куралдарын басып чыгуудагы мыйзам бузуулары ачыка чыкты. Сөгүш алды. Жылыш жок. Мына эми быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн Аттестатынын ички тиркемесин ашкере кыргызчалап, “н” тамгасын “ң” кылып, басышыптыр. Мурдагы жылы болсо “аттестаты жараксыз” дегендин “сыз” дегени жок басылып, ал чыр да эч кимдин жоопкерчилигисиз аяктаган болчу…
Деги бул Кудайбердиева деген ким өзү? Кудайдын эркесиби?
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ