Menu

“Тажик Эйр” авиакомпаниясынын учагы чукул конууга мажбур болду

Бөлүшүү:

Москвадан Худжанд шаарына учуп бараткан “Тажик Эйр” компаниясынын учагы шашылыш түрдө “Домодедово” аэропортуна конууга аргасыз болду.

Авиакомпаниянын маалымат кызматы билдиргендей, 2-июлда Boeing‐737 жүргүнчү учагы салондо жылчыктын пайда болушунан улам, аэропортко кайрылып келүүгө аргасыз болгон.

Орусиялык ММКлар учак Рязандын үстүндө учуп баратканда салондо жылчык пайда болгонун жазышты. Бортто 141 киши отурган. Жүргүнчүлөр жабыркаган жок.

“Экипаж аэропортко кайтып келүү чечимин кабыл алган. Белгилүү бир өлчөмдө күйүүчү май коротуу менен учак “Домодедово” аэропортуна ийгиликтүү конду”, – деп билдирди Худжанд эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Юсуф Маюсуфов.

Тажикстандын «Сомон Эйр» жана «Таджик Эйр» ири авиакомпанияларынын паркында америкалык Boeing жана орусиялык ТУ учактары бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: