Астананын 20 жылдыгына карата өтө турган иш-чараларга байланыштуу полиция шаардагы коопсуздук чараларын күчөттү. Мындай маалымат Астана акимчилигинин расмий сайтына жарыяланды.
Казакстан борборунун 20 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 8-июлга чейин шаарда 75тен ашык түрдүү иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Буга байланыштуу 3,5 миңден ашык полициячы жана Улуттук гвардиянын аскерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барууга өтүштү.
Мындан тышкары майрам күндөрү аларга коомдук жардамчылар көмөктөшөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ