– Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?
– Менимче бул идеянын өзөгү, негизи туура. Баардык жерде көзөмөл, ачыктык болушу абзел. Бирок ошол Жогорку Кеңеш көзөмөл жүргүзгөн башка мамлекеттик органдардын иши өнүгүп-өсүп, коррупциядан арылып кеткен жок да. Туурабы? Дээрлик көбүндө башаламандык, коррупция. Анан ошол жакты көзөмөлдөй албай туруп, ирээттей албай туруп УКМКны көзөмөлдөйт элек дегени кызык. Башка жакты реформалап, коррупциядан тазалап келип анан ушул тармакты да биз көзөмөлдөп, өнүктүрүп өстүрөт элек десе жарашат эле!
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ